Аялзаты айдай сулуу жалпыңар,
Амандыкта бийик болсун баркыңар.
Энелери пенделердин эң ыйык,
Куттуу болсун сегизинчи мартыңар.
Тилегибиз көңүлүңөр чөкпөсүн,
Аялзаты арман жашын төкпөсүн.
Аруулугу ыйыктыгын аялдын,
Түбөлүккө жанып турсун өчпөсүн.
Өмүр көчү уланууда бул күндө,
Мээрим төгүп аял барда куттуу үйдө.
Калыстыгы жок болсо эгер аялдын,
Аңтарылып кетет беле бу дүйнө.
(Visited 178 times, 1 visits today)