Алгыр бүркүт сымал жакшы таптаган,
Кара жоодон эч бир кайра тартпаган.
Азаматтар жигиттери кыргыздын,
Ага Журтун карегиндей сактаган.
Аттап кенен ийгиликтин башатын,
Ак дилинен теңир берсин батасын.
Опол тоодой оомат берип силерге,
Кыргыз журтум бейпилдикте жашасын.
Болсун дайым арстандай сүрүңөр,
Туулган жерге чексиз болсун сүйүүңөр.
Кудай колдоп тилегиңер ишке ашып,
Куттуу болсун мекен коргоо күнүңөр!
(Visited 113 times, 1 visits today)