Ак өргөңөр ак жолтой болсун,
Ырыскыга толсун.
Үйүңөргө бут кирсин,
Опол-тоодой кут кирсин.
Ушул үйдөн агарып көгөргүлө,
Кубанычтын койнуна бөлөнгүлө.
Ооматыңар үйүңөрдөн ашып турсун,
Мышыгыңар чычканын басып турсун.
Эшигиңер мейманга ачык турсун,
Ушул үйдөн кайгыга күйбөгүлө,
Кыз чыгарып уулуңарды үйлөгүлө.
Оомийин!
(Visited 98 times, 1 visits today)