Бугу эне:
Жер тилип эгин эккиле,
Мал багып, балык уулагыла.
Ошентип бейпил теңчилик,
Бейкут тынчтыкта
Миң-миң жыл өмүр сүргүлө.
Учуңар узарып,
Урук-тукумуңар көбөйсүн.
Алдыңарды бала бассын,
Аркаңарды мал бассын.
Сүйлөсө тилге жатык,
Укса кулакка мукам,
Алыстан ала келген эне тилиңерди,
Укум-тукумуңар унутпасын.
Эне тилинде эли, жерин даңазалап
Ырдап жүрсүн.
Кишиден кем болбогула,
Башка элге тең болгула.
Мен эми силерге,
силердин укум-тукумуңарга
Умай энемин, силер менен
түбөлүккө бирге жүрөм.
(Visited 77 times, 1 visits today)