Кара кылды как жарып,
Калыс сүйлө элиңе.
Калкың сүйүп кадырлап.
Күч кошулсун демиңе,
Караңгыдан көз тапкан,
Капилеттен сөз тапкан.
Кызыл тилди кайрай бер,
Калкың үчүн сайрай бер.
Казаныңар чачылбасын.
Кара ниеттер асылбасын.
Эл сыйлаган чечен бол,
Эл ичинде эсен бол!
Оомийин!
(Visited 38 times, 1 visits today)