Мал түгөлдөп карай бер,
Туяктарын санай бер.
Билегиңден май тамып,
Бармагыңды жалай бер.
Коюң туусун эгизден,
Эчкиң туусун сегизден.
Айтып жүрсүн коногуң,
Согумуң болсун семизден.
Короодон ашсын малдарың,
Кызыл бет болсун балдарың.
Бактылуу өмүр бир сүрүп,
Жаныңда жүрсүн алганың.
Оомийин!
(Visited 29 times, 1 visits today)