Устага бата

Жасаганың элине жагып турсун,
Алкоо сөзгө кулагың канып турсун.
Адал оокат тапканың ак ишиңден,
Үй-бүлөңдү ар дайым багып турсун.
Колун сындуу болсун,
Кардалың пулдуу болсун.
Атаганың чыксын алайга,
Чоң устат болгун далайга.
Нар кескениң курчуй берсин.
Колуң дарт көрбөстөн
Өнөрүң өөрчүй берсин.
Оомийин!

(Visited 32 times, 1 visits today)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *