Тай бөбөк кадам таштасын,
Кубаныч үйүн аттасын.
Таалайлуу болуп тагдыры,
Тескери жолго баспасын.
Эликтей буту бүгүлсүн.
Кылыгын көрүп ар түркүн,
Ата-энеси сүйүнсүн.
Келечеги кең болсун,
Телегейи тең болсун.
Эненин акта тилегин,
Элине тийсин керегиң.
Оомийин!
(Visited 78 times, 1 visits today)