О, касиеттүү теңирим,
Куттуу болсун бүгүнкү,
Жаш наристе туулган күн.
Дидарын ачкан күн,
Ымыркайды жууган күн.
Эне сүтүн эмген күн,
Ак сарбашыл чалган күн,
Карындан май жарылган күн,
Бөбөккө узак өмүр бер,
Берсең кошо эрдик бер.
Эне сүтүн актасын.
Туулган күнгө бата айталы,
Эми үйгө кайталы.
Оомийин!
Куттуу болсун туулган күн,
Киндигиңди шып кесип,
Жибек менен бууган күн.
Киндик энең суу менен,
Алгач ирет жууган күн.
Ороп алып ороого,
Белден байлап бууган күн.
Ак сүтүн асыл эненин,
Эмерине эмген күн.
Атаң келип дөбөндөн,
Теберине төнгөн күн.
Кимге окшош экен деп,
Бетиңди ачып көргөн күн.
Туулган күнүң жыл сайын,
Жүз жыл бою тойлонсун.
Өсүп урук бутагың,
Көздөгөнгө жете бер.
Өмүр чексиз көк деңиз,
Токтобостон кече бер.
Оомийин!
(Visited 172 times, 1 visits today)
Эркин Суйунбаев
Солнце калоолор бар екен.