Тост

Актай бойдон калбаш керек,
Өмүрдүн бир барагы.
Бул жашоого из калтырып,
Өчпөс оттой жаналы.
Так түшүрүп сезимдерге,
Тартпайлы эч санааны,
Бокал толо шарап куйсам
Анын чексиз баяны,
Жүрөктөрдөн агып түшкөн,
Тилектердин шарабы.
Кагыштырып бокалдарды,
Калтырбастан алалы!

(Visited 97 times, 1 visits today)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *