Ыя Теңири, эске ал,
Өзүңдөн башка пенденин,
Сүйүнө турган неси бар.
Ыя Теңири, абалы өз каарыңан сакта,
Шайтандын заарынан сакта,
Кадамы катуудан сакта.
Карарып-түнөргөндөн сакта,
Куюлган уудан сакта.
Жыйылган доодон сакта,
Каптаган чуудан сакта,
Ташыган суудан сакта.
Онтотуп жаткан дарттан сакта,
өчпөс өрттөн сакта,
Кетпес кектен сакта.
Оомийин!
Ыя Теңири,
Арамды адал дегизбе,
Катынды базарчы кылба,
Нааданды азанчы кылба.
Жерим тозбосун,
Элим азбасын.
Оомийин!
Сакта Кудай.
Арбак колдо.
Жараткан жар бол.
Олуям демей көр,
Кыдыр ата жебей көр.
Касиетиңден айланайын,
Колдо пирим,
Колдо бабам.
Тил, көздөн сакта,
Медет бер баба.
Оомийин!
Балаадан сакта,
Жалаадан сакта.
Кооптон сакта, чууттан сакта,
Түн жатып тушуңа чыккандан сакта,
Озунган бөрүдөн сакта.
Оозу кан уурудан сакта,
Күлүп кирип, күңгүрөнүп чыккандан сакта,
Дос болуп, кас болгондон сакта.
Оомийин!
Ыя, Кудурет,
Суук көздөн сакта,
Кайбаат сөздөн сакта.
Мезгилсиз өлүмдөн сакта,
Көөдөнсүз келинден сакта.
Татымсыз туздан сакта,
Арсыз кыздан сакта.
Капылет ордон сакта,
Кайрымсыз зордон сакта.
Жамгырсыз жаздан сакта,
Тагдырсыз таздан сакта.
Бакты берсең, бактылуу кылып бер,
Дөөлөт берсең, пайырлуу кылып бер.
Аял берсең, сүйүктүү кылып бер,
Уул берсең, улуктуу кылып бер.
Келиндин келиштүүсүн бер,
Аттын желиштүүсүн бер.
Тирүүбүзгө тилек бер,
өлүүбүзгө жумак бер.
Ушул тилегимди бөлүп-жарбай,
үйүп-төгүп бир ак бер,
Оомийин!
Ыя, Жараткан, колдой көр,
Бак дөөлөттү өлбөс кыл,
Жалгаганга жалгаш кыл,
Ала ооздуудан алыс кыл,
Көрө албастан калыс кыл.
Ниеттери пак болсун,
Мээнеттери ак болсун.
Тилектерин асыл кыл,
Нээттерин кабыл кыл.
өпкөсүн чаң өрдөбөс,
Жүргөн жерин жашыл кыл.
Оомийин!
Далактатар тоодон сакта,
Жалактатар жоодон сакта.
Ачыккан бөрүдөн сакта,
Кара жердин көрүнөн сакта.
Ашынган уурудан сакта,
Кулкуну курудан сакта.
Душмандын каарынан сакта,
Ичи жамандын заарынан сакта.
Аяк алдынан кезигээр,
Балаа-жалаанын баарынан сакта.
Оомийин!
О, Жараткан,
өлүмдүн тезинен сакта,
Андан калса сегизинен сакта,
Андан калса эгизинен сакта.
Кандын каарынан сакта.
Карачанын дооматынан сакта,
Бакбай балаңдан сакта,
Жаппай жалааңдан сакта.
Капсалаң болгон жуттан сакта,
Кара өзгөй болгон доодон сакта.
Аңдыган уурудан сакта,
Абайсызда тийген жоодон сакта.
Оомийин!