Теңирден тилеп бата кылуу

О, касиеттүү кудурет,
Жерибизде молчулук болсун!
Элибизде токчулук болсун!
Карыга сөөлөт бер!
Кедейге дөөлөт бер!
Кайрымсыз атадан сакта,
Тескери батадан сакта.
Жетесиз уулдан сакта,
Никесиз кыздан сакта.
Бакырга байлык бер,
Айкөлгө хандык бер.
Азалуу үйгө шаттык бер.
Ою арам лөлүдөн сакта,
Оозу кандуу бөрүдөн сакта.
Карандай доодон сакта,
Капсалаң жоодон сакта,
Хандын каарынан сакта,
Төрөнүн заарынан сакта.

Жоомарттын колун бер,
Жолдоштун жолун бер,
Эрдин билегин бер.
Эрдин билегин бер,
Шердин жүрөгүн бер.

Тилди билбегенден сакта,
Дилди сүйбөгөндөн сакта.
Самсаалаган жорудан сакта,
Сакайбаган оорудан сакта.
Жер жүзүндө бейкуттук орносун,
Бузуктар пейлин оңдосун.
Теңирим заарың чачпасын,
Ай жылдан аман сактасын!
Оомийин!

(Visited 62 times, 1 visits today)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *