Он эки айда бир келген орозо жан,
Орозоң кабыл болсун туткан адам.
Жарамазан айтып келдик жапсарына,
Орносун кут береке баштарына,
Жарамазан айткан менен
ким тойгон бар,
Нускасын байыркынын ким койгон бар?
Нускасын байыркынын коюп кетип,
Акыретке барганда ким оңгон бар?
Жар Мухаммет
айтып өткөн жарамазан
Аппак үйүң, ак үйүң чатыр болсун.
Ушул үйдө бир балаң баатыр болсун,
Баатырдыктын пайдасы
кайра болсун.
Кыл көпүрө кыямат жайда болсун.
Оомийин!
Бай-байбиче мал менен,
Карындаш май менен.
Койчусу коюнунан чыксын,
Жалчысы жанынан чыксын.
Уул, кызы көп болсун,
Убайымы жок болсун.
Жакканы арча болсун,
Жамынганы барча болсун.
Жегени жүзүм болсун,
Өмүрү узун болсун.
Айдаганы кой болсун,
Чайнаганы май болсун.
Ичкени инди чай болсун.
Короосуна кой толсун,
Өрүшүнө жылкы толсун.
Казаны тоо аш болсун,
Үйү толо баш болсун.
Этеги толо перзент болсун,
Алганың менен кошо карып,
бактылуу болгула.
Оомийин аллаху акбар!
Ырамазан жар болсун,
Жакшылыгың шар болсун.
Алганыңдын кийгени,
Кымкап, жибек, шай болсун.
Балдарыңдын мингени,
Кара кашка тай болсун.
Тоодак этин ашагын,
Токсонго чыга жашагын.
Улар этин ашагын,
Узак өмүр жашагын. Оомийин!
Ассалоому алейкум жаткан байлар,
Алтын менен күмүшкө баткан байлар
Жарамазан айтып келдик эшигиңе,
Ак кочкор бала берсин бешигиңе.
Жашыл болсун үйүңдүн төтөгөсү,
Зерден болсун кызыңдын көшөгөсү.
Кызыл болсун үйүңдүн төтөгөсү,
Кымкап болсун кызыңдын көшөгөсү.