Алас, алас, алас,
Ар балаадан калас.
Нооруздун ушул күнүндө,
Арча түтөп ар үйдө,
Шаттык күлкү жаңырып,
Шаң жаңырсын көктөмдө.
Урматына Нооруздун,
Семизинен кой сойдук,
Дасторконго нан койдук.
Каймак менен май койдук,
Кызыл салган чай койдук,
Ар түрдүү гүлдөн чогулткан,
Аары жыйган бал койдук.
Мал-башынан көбөйүп,
Too, талаага шаң толсун,
Ак тилектер айтылып
Арзанчылык, мол болсун.
Тынчтыкта жашап элибиз,
Байлыкка толсун жерибиз.
Ынтымак орноп ар үйгө
Ак таңдай болсун пейлибиз,
Теңирге тобоо дейли биз,
Аман болсун дилибиз.
Оомийин!
Алас, алас, алас,
Ар балаадан калас.
Жаңы жылым жалгап,
Жакшылыкка жанаш.
Эски жыл кетти,
Жаңы жыл жетти,
Айдан аман,
Жылдан эсен бололу.
Жер жарылып көк чыксын,
Желин жарылып сүт чыксын.
Эгин-тегин бул жылы
Эски жылдан көп чыксын.
Бакыттуу баш берсин,
Узун өмүр жаш болсун.
Улуктун улуу күнүндө,
Уулуң консун уяга,
Кызың консун кыяга,
Дөөлөтүңдү ашырсын,
Душманың сынып басынсын,
Жөөлөгөн бели басылсын.
Менин берген бул батам,
Улуу күнгө сактап жүргөн сүр батам.
Оомийин!