Мергенге бата

Ар дайым кудай эстесин,
Атканың жаза кетпесин.
Эшикке батпас баштуудан.
Төргө батпас төштүүдөн берсин.
Тубутунда эчкисин атпа,
Кубутунда текесин атпа,
Мүрөктүн суусун ууртагын.
Мергендин шертин бузбагын,
Ууң жүрүп ууга бара бер.
Элиңди кошо бага бер,
Улар этин ашагын,
Узак өмүр жашагын.
Оомийин!

(Visited 50 times, 1 visits today)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *