Куттуу болсун күмүш той,
Той дегениң ырыс го,
Алтын, жамбы берсем да,
Экөөнө тең дурус го.
Күмүш тойдун аягы.
Алтын тойго жалгашсын.
Жаркырасын жаныңар,
Жүзүндөй ак албарстын
Күркүрөсүн демиңер,
Мизидей көк албарстын.
Ташый берсин дөөлөтүң
Жарашып сан дөөлөтүң.
Кара курттай кыжылдап,
Өсүп-өнсүн урпагың.
Өрлөп дайым ташыңар,
Жээктен ашып-ташыңар.
Калт-калт этип жаңгактай,
Ошондо кагышып турсун башыңар
Оомийин!
(Visited 81 times, 1 visits today)