Кыз узаткандагы бата

Кийимиң эптүү болсун,
Элечегиң кептүү болсун.
Очогуң чоктуу болсун,
Жүрөгүң оттуу болсун.
Телегейиң тегиз болсун,
Бактың эгиз болсун.
Каныкейдей акылдуу бол,
Курманжандай сабырдуу бол.
Акылдуу бол, улуу бол,
Айчүрөктөй сулуу бол!
Жыпар гүлдөй жыттуу бол,
Ар бир ишке шыктуу бол.
Тукумуң журттан ашсын,
Деңиздей толкуп ташсын.

(Visited 166 times, 1 visits today)

One thought on “Кыз узаткандагы бата”

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *