Гүлкайырдай буралган
Жаман ишке уялган.
Тунук болсун акылың,
Жакшы көрсүн жакының.
Жаман жолго баспагын,
Кыз намысын сактагын.
Жолбунга оокат суна жүр.
Кырк үйдөн тыюу уга жүр.
Кыркка чачың өрүп жүр,
Барды-жокту көрүп жүр.
Хан жигитке туш болгун,
Колуң иштүү уз болгун.
Коңшуларга жагып жүр,
Ай-жылдыздай жанып жүр.
Оттуу болсун жүрөгүң,
Орундалсын тилегиң!
Оомийин!
(Visited 116 times, 1 visits today)