Келин жүгүнгөндө берчү бата

Кудай жалгасын! Тилегиңди берсин,
Ак элечек башыңдан ообасын.
Алдыңдан бала бассын,
Аркаңды мал бассын.
Кайын энеңе жагып жүр Кайнатаңды багып жүр.
Сарамжалдуу сабырлуу бол,
Кайын журтка кайрымдуу бол.
Башыңарга бакыт консун,
Терметкениң бешик болсун.
Алкашып журттун бүт баары,
Жолдошун менен тең кары.
Ыймандуу, акылдуу келин бол!
Оомийин!

(Visited 115 times, 1 visits today)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *