Карыларга берилүүчү бата

Бала-бакыраңардын күнү-күчүн көргүлө.
Балдарыңардын убайын көргүлө.
Арчанын жашындай өмүр берсин.
Кылым карыга көп жашаңыздар.
Эч качан картайбай жүрүңүздөр.

Сиздер бар болсоңуздар
биздин дүнүйөбүз кеңири болот.
Балдарыңардын сыйын көргүлө.
Бала-чакаңардын ыраатын көргүлө.
Өмүрүңөр узак болсун.
Оозуңда отуз эки тиш калбасын.
Башыңа бакыт конуп,
Кемшеңдеп жеген казыдан,
Сакал-мурутуң майлансын.
Небере-чөбүрө жаныңарда
Базар түшүп айлансын.
Сенден тараган урпактын,
Эч кайгысы болбосун,
Ушу айтканым кабыл болуп,
Арбактарың колдосун
Оомийин!

(Visited 33 times, 1 visits today)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *