Эл-журтуңа тийип турса керегиң,
Насаат айтып ичпегин сен дебейин.
Андай кезде бокал алып колума,
Арнап сага шарап куюп берейин.
Акылмандын акылына кирип ич,
Жакшылыкта абалыңды билип ич.
Эгер түшсөң бөтөлкөнүн түбүнө,
Анда сага алып келет кыйын иш.
Ак эмгектен адал акча табып ич,
Бакыбатта үй-бүлөңдү багып ич.
Чектен чыгып чаң-тополоң чыгарбай,
Ажылдатпай аялыңа жатып ич.
(Visited 87 times, 1 visits today)