Жигитке бата

Элдин уулу боло көр,
Купулуна толо көр.
Эне сүтүн актагын,
Ата наркын сактагын.
Кан досуңду сатпагын,
Адал иштеп нан тапкын.
Алтын сарай там тапкын.
Кула жал болсун мингенин.
Кумар көз болсун сүйгөнүң,

Байтеректен бүрдүү бол,
Пайгамбардан сүрдүү бол.
Кырк периште колдосун,
Кыдыр болсун жолдошуң.
Жигиттин пири Шаймерден,
Ар дайым сени колдосун!
Оомийин!

(Visited 109 times, 1 visits today)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *