Жаңы үйгө киргенге бата

Пайгамбар батасын берсин,
Бай дөөлөтүн берсин
Кызыр бересесин берсин.
Казаның толгон аш болсун,
Үйүң толо баш болсун.
Уулдун урматын көр,
Келиндин кызматын көр.
Керегедей баш чыгар,
Келин алып, кыз чыгар.
Астыңды бала бассын,
Аркаңды мал бассын.
Кармаганың чырак болсун,
Мингениң жорго болсун.
Кайнатканың май болсун,
Ичкениң кызыл чай болсун.
Жакканың арча болсун,
Жамынганың парча болсун.
Бешенең ачык болсун,
Периштең улук болсун.
Өмүрүң узак болсун,
Ата-энең менен,
Ага-тууганың менен,
Узун өмүрдө ынтымактуу жаша
Оомийин!

Чамгарагыңар бийик болсун,
Босогоңор бек болсун.
Боо бакчаларың,
Алма менен өрүк болсун.
Башыңда дайым,
Кубулган кундуз бөрк болсун.
Ак жүзүнө жарыңдын,
Ак элечек көрк болсун.
Кудай кааласа,
Көп узабай шерик болсун.
Оомийин!

(Visited 82 times, 1 visits today)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *