Жаңы жыл жакшы жыл болсун,
Заманыбыз тынч болсун.
Денибиз таштай чың болсун,
Оорулуулар сакайып.
Турмушуна тың болсун,
Курсагыбыз ток болсун.
Убайым кайгы жок болсун,
Ишибиз жүрүп турсун,
Итибиз үрүп турсун,
Күнүбүз тийип турсун.
Жүрөктө ыйман болуп,
Жараткан бийик турсун.
Короо толо козу айдайлы,
Желе толо кулун байлайлы.
Малыбыз базарлуу,
Кызыбыз ажарлуу,
Уулубуз назарлуу болсун.
Таразадай так бололу,
Жаттык-кооптуу бөөдө кырсыктан,
Сагызгандай сак бололу!
Оомийин!
(Visited 27 times, 1 visits today)