Жаңы жумушчуга бата

Ийгиликке туш болсун.
Тилегениң бүт болсун,
Маянаң көп болсун.
Көңүлүң ток болсун,
Душманың жок болсун.
Кызыл тилден таңдайлуу бол.
Ырыскыдан маңдайлуу бол.
Ишиңден колуң узарсын,
Дөөлөткө бетиң кызарсын.
Атагың алыска угулсун,
Түндүгүңдөн ырыскы куюлсун.
Жегениң жүзүм болсун,
Зор оомат өзү келсин,
Зоболоң өсө берсин!
Оомийин!

(Visited 54 times, 1 visits today)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *