Жаш жубайларга бата

Казаныңар ашка, толсун,
Үйүңөр башка толсун.
Корооңор малга толсун.
Кампаңар данга толсун.
Башыңарга бак консун,
Балаңар он чакты болсун.
Кызыңар мончоктуу болсун,
Төрүңөрдүн куту кетпесин.
Жамандык кууса жетпесин,
Пейилиңер кең болсун,
Телегейиңер тең болсун.
Айылыңар мааракелүү болсун,
Оокатыңар берекелүү болсун.
Барга көппөгүлө,
Жокко чөкпөгүлө.
Ынтымак отун жаккыла,
Бакыт балын таткыла.
Бейиш багын баскыла,
Тилегиңерге жеткиле.
Татыктуу жашап өткүлө!
Оомийин!

(Visited 452 times, 1 visits today)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *