Жарамазан айтканда кең пейил үй ээсине бата

Жарамазан жар болсун,
Ырыскың дайым бар болсун.
Корооң толо мал болсун,
Чайнаганың май болсун.
Ичкениң толо аш болсун.
Үйүң толо баш болсун,
Алганыңдын кийгени,
Кымкап жибек шай болсун.

Балдарыңдын мингени,
Кара кашка тай болсун.
Алтының болсун тишиңде,
Ак пейилин болсун ичиңде.
Ден соолугуң чың болуп,
Ийгилик болсун ишинде!
Оомийин!

(Visited 46 times, 1 visits today)

One thought on “Жарамазан айтканда кең пейил үй ээсине бата”

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *