Оомийин деп көтөргүн билегиңди,
Он манжа, сегиз мүчө сын сөөгүңдү,
Он сегиз миң ааламдын падышасындай,
Кудай кабыл кылсын тилегиңди.
Каз каркылдап кечкисиз көл бол,
Куш куркулдап өткүсүз бел бол.
Тукумуң журтка таанылсын, Илимиң башка толуп,
Илебиң ташты жарсын. Ак батаң так кечип,
Жайыл дасторконго жансын.
Казаның кайнап турсун,
Башыңдан бакыт кетпесин,
Оомийин, оллоо акпар!
(Visited 334 times, 1 visits today)