Коңур салкын жел келет,
Жер жылымдап, кар эрип.
Кош эмчеги тырсыят,
Кыз толукшуп бой керип.
Жерден келет жел кабар,
Тал, теректер көгөрүп,
Уйкуда жандар ойгонот.
Өлбөстүккө күн көрүп,
«Мезгил келди чачкын» — дейт,
Чечте үрөөн үн салып.
Күңгүрөнөт чыгыш жак,
Жеңгенсийт жаз кыш айды.
Амач карма дегенсийт,
Албан талаа дыйканды.
Көктү бузат көк бука,
Амал айкын кабарлап.
Жер кулагы жети кат,
Жер иштеткен адамзат.
Жерден кабар алышар,
Жер эмгекти кадырлайт.
Жер куураса алаамат,
Жер кулагы жети кат,
Жер иштеткен адамзат.
Калайыкка дан керек,
Аппак күндөй нан керек,
Амач карма, жер айда,
Ай талааны чиймелеп.
Арпа, буудай дан айда,
Сулуу, нокот, таруу айда.
Конок, зыгыр кошо айда,
Ак жүгөрү, май айда,
Дарбыз, коон дагы айда,
Кан, калемпир, кара мурч,
Сарымсак, сабиз калтырба.
Дагы айтарым дагы бар,
Албан дыйкан угуп ал.
Эгин экпей арык чап,
Ашуун болсун эгиниң,
Тоонун тунук суусун бак,
Жер кулагы жети кат,
Жер иштеткен адамзат.
Өрттөй болсун өгүзүң,
Өткүр болсун амачың,
Алас болсун аштыгың,
Уста пири Дөөтү,
Амачыңды оңдосун.
Уйдун пири Ай мүйүз,
Амач тарткан күч кирсин.
Күн күркүрөп, жамгыр жаап,
Күлдүр ата колдосун.
Үн атасы Камбаркан,
Ай талаага күч чачсын.
Өнүп чыксын үрөөнүң,
Өсүп чыксын жүрөгүң.
Суу атасы Сулайман,
Көктөн, жерден колдосун.
Жердин пири жел эле,
Кабыл алсын дилиңди.
Жел атасы Желкайып,
Булут айдап буулуксун.
Дыйкан терин чуурутуп,
Ободон жамгыр куюлтуп.
Күндүн пири Күн теңир,
Суу менен бирге нур берсин.
Жарык берсин, жан берсин,
Чычкан пири Чие ата,
Жамаатына жар кылсын.
Ийин казып, жер көөлөп,
Жер кыртышын жумшартсын.
Жерге түшкөн үрөөнүң,
Жети күндө жарылсын.
Майсалары узарсын,
Умай эне ак чачсын.
Үркөр ата тогошуп,
Алас болсун эгиниң,
Көкө теңир жар болсун,
Кызыр ата даарысын.
Умай эне дем берсин,
Күч өгүзүң кош болсун,
Күткөн көктөм куш болсун.
Оомийин!