Баатырга бата

Байтеректей бүрдүү бол
Пайгамбардан сүрдүү бол.
Чапса кылыч өтпөгөн,
Сайса найза жетпеген,
Этиң болсун темирдей,
Күчүң болсун сеңирдей.
Кырк периште колдосун,
Кыдыр болсун жолдошун.
Оомийин!

Шердей үндүү бол,
Жолборстой сүрдүү бол.
Ажыдаардай заардуу бол,
Карышкырдай каардуу бол.
Буудайдай бутакта,
Талдай шакта,
Карагайдай көтөр.

Маңдайың жарык болсун,
Өрүшүң жайык болсун.
Жүрөгүң жалдуу болсун,
Канжыгаң кандуу болсун.
Керегең кептүү болсун,
Келиниң септүү болсун.

Арстандан үндүү бол,
Ажыдаардан сүрдүү бол.
Пейилиң кенен болсун,
Деңиздей терең болсун.
Сөөлөтүң зоодой болсун,
Ооматың тоодой болсун,
Атканың кийик болсун.
Акылың бийик болсун,
Кан досуң сырлуу болсун,
Кылычың кандуу болсун,
Кырчалышта кыл чайнагын.

Ат жалынан кыйшайбаган,
Эненин тилеги бол,
Элиңдин тиреги бол!
Оомийин!

(Visited 40 times, 1 visits today)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *