Атка минерге аксакалдын батасы

Жараткан өзү колдосун,
Бийлигиң бекем орносун.
Ар дайым кылып ак кызмат,
Эл нааразы болбосун.
Пейилиң сүттөй ак болуп,
Кыдыр болсун жолдошуң.
Эл үмүтүн актагын.
Ата наркын сактагын.
Кара өзгөй качкын ажодой,
Өз жериңди сатпагын.
Башыңа мүшкүл иш түшсө,
Өлкөнү тоноп качпагын.
Чындыкты айтса өз элиң,
Чыңыртып бекер атпагын.
Жарыңдын пейли кең болсун,
Жаркылдап сага тең болсун.
Балаңдын көөнү ток болсун,
Өз билемдиги жок болсун.
Ишиңден кубат ала бер.
Элиңе дайым жага бер.
Өлкөнү бутка тургузуп,
Урматтуу бойдон кала бер.
Оомийин!

(Visited 163 times, 1 visits today)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *