Алтын тойго бата

Алтын той куттуу болсун,
Алтындан баалуу болгула.
Жылдыздан наарлуу болгула,
Кундуздай жакалуу болгула,
Күмүштөн такалуу болгула.

Өркүндөп өскөн урпагыңдын,
Үзүлбөс сабагы болгула.
Ай жүздүү аппак кыздардын,
Алтын сом тарагы болгула.

Кайда жүрсөңөр жолуңар болсун,
Үйүңөргө Кызыр келип консун.
Дөөлөтүңөргө дөөлөт кошулсун,
Көңүлүңөр көкөлөп толсун.
Жүдөбөй жүзгө жеткиле,
Өмүрдөн армансыз өткүлө. Оомийин!

(Visited 258 times, 1 visits today)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *