Оомийин десең мына бата,
Төрүндө жорголосун Кыдыр ата.
Кайда болсо жолуң шыдыр болсун,
Жолдошун Кыдыр болсун.
Кайырлуу кылып дөөлөт берсин,
Өмүрлүү кылып перзент берсин.
Ошол көргөн перзентиңе,
Улукман акемдин жашын берсин.
Кыдыр бабамдын башын берсин,
Көрө албаган пендең болсо,
Коргоочуң бир Теңири болсун.
Тилеген тилегиңди кабыл алсын,
Оомийин!
(Visited 535 times, 1 visits today)