Акынга бата

Өнөрүң өөрчүй берсин,
Калемиң курчуй берсин.
Калкыңа караңгыда жарык болгун,
Ушак-айың жалгандан алыс болгун.

Ааламдын акыны бол,
Кудайдын жакыны бол.
Акыйкат ырын айтып,
Элиңдин акылы бол.
Жан дүйнөң бакшы болсун,
Алганың жакшы болсун.
Балдарың эшен болсун,
Алтын башын эсен болсун!
Оомийин!

Балдарыңар
Жээренчедей чечен болсун,
Токтогулдай ырчы болсун,
Толубайдай сынчы болсун.
Буркурап чыккан булутту,
Буруп алган жайчы болсун.
Бурама темир сом балта,
Буралбай соккон уста болсун.
Оомийин!

(Visited 65 times, 1 visits today)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *