чык

чык I 1. влага; 2. роса; чык түштү роса пала; 3. бульон (предназначенный для заливания мелко нарезанного варёного мяса); чык татырбас бай богач-скряга (букв. богач, который даже бульона не даст попробовать); 4. рассол из бульона (которым приправляют мясную пищу); 5. влага кожевенной закваски; кырк эчкинин териси ашаткыга жатыптыр, чыгы менен катыптыр фольк. шкуры сорока коз в закваске лежали и вместе с закваской засохли (получились плохие); <> оозунун чыгы кургабайт он то и дело ест(напр. о ребёнке); чыгына кол сал- 1) присутствовать на чьих-л. первых поминках (сразу после похорон); 2) доконать кого-либо; анын чыгына кол салабыз го! мы ему вот покажем!; мы его доконаем!; чырпыктын чыгын сыга кармаган он обладал огромной физической силой (букв. так хватал хворостину, что из неё сок выжимал).

чык II звукоподражание тиканью, щёлканью, писку; чык-чыкэт-тикать; щёлкать; сааттын чык-чык урганы тиканье часов; саат чык-чык часы тик-тик; счёттун ташын чык-чык таштатып щёлкая костяшками счётов; Чегиртке стаканын Чаргындын стаканына, чык эткизип, уруп коюп Чегиртке(чокаясь) своим стаканом звякнул о стакан Чаргына; чык эткенден чычкан жок, чыкылдаган чымчык жок фольк. (такая безжизненная пустыня, что) нет мыши, которая бы пискнула, нет пташки, которая бы чирикнула; чыйпылдап, чык-чык этсе түркүн чымчык, чыдабай чар-чур этет алгыр куш да стих. когда запищат и зачирикают пташки, то и хваткий ястреб возбуждённо закричит; чык этме тээк см. тээк 2.

чык III : чык этип суу чыккан жок не показалось ни капли воды; чык этип коер суусу жок, ээн талаа, күйгөн кум фольк. нет там ни капельки воды, безжизненная пустыня, горячий песок; ирмеп алар чөбү жок, чык этерге суусу жок фольк. нет там травы, чтобы щипнуть, нет там воды, чтобы глотнуть.

чык- IV (глагол, выражающий движение наружу или вверх) 1. выходить, выступать, выдвигаться; всходить, восходить; раздаваться (о звуке); үйдөн чыкты он вышел из дома; жыгачка чык- взбираться на дерево; тоого чык-выйти или выехать в горы; взойти или въехать на гору; жарыш сөзгө чык- выступать в прениях; жооп кайтарган сөз менен чыгып сүйлөдү он выступил с ответной речью; каршы чык- прям., перен, выступить против; чык! вон!, пошёл! (окрик на собаку); итиңди «чык» де отгонисвою собаку; эмне үчүн «чык» дейт бизди, «чык» деп, итти айтат почему он нам говорит «пошёл!», собаке говорят «пошёл!»; ит жакшысын «чык» дебейт погов. на хорошую собаку не кричат «пошёл!»; күн чыкты солнце взошло; ай чыкты появилась луна; взошла луна; жолдон чык- 1) сойти с пути, сбиться с пути; жолдон чыксаң да, көптөн чыкпа погов. если даже с пути собьёшься, от коллектива (букв. от масс) не отбивайся; 2) перен, сбиться с пути, совратиться; чыр эткен аялдын үнү чыкты раздался пронзительный женский голос; чыга калыш или чыга бериш выход, выезд; көпүрөдөн чыга калыштагы находящийся при выходе, выезде с моста; аты чыгып келди его лошадь (на скачках) пришла первой; аты чыкпай калгандар те, чьи кони (на скачках) отстали (не получили приза); чыкпай калса тулпарым, ажалдан мурун өлөм деп фольк. если не опередит мой скакун, я прежде смерти умру; айтыштан чыккан чечен краснослов, победивший в словопрениях; ат багууга калганда анын алдына чыгарыбыз жок по уходу за лошадьми у нас нет никого, кто бы его превзошёл; 2. достигнуть какого-л. возраста; мен элүү жашка чыктым мне исполнилось пятьдесят лет; эчеге чыктың? или эче жашка чыктың? тебе сколько лет?; он бешке чыгар-чыкпас жашында когда ему было около пятнадцати лет; жашы быйыл отуз бирге чыкты ему в этом году исполняется тридцать один год; он төрт менен он бешке чыгар-чыкпас жашы бар фольк. ему что-то около четырнадцати-пятнадцати лет; 3. оказаться, проявиться, выявиться, обнаружиться; элдин алдында шермендем чыгар я окажусь посрамлённым перед народом; 4. развестись (с мужем); чыга турган катындай болуп как жена, которая решила развестись (смотрит на хозяйство спустя рукава); 5. приняться (о прививке, напр. оспы); чечектин эми чыкты оспа принялась; алма жакшы өсүп чыкты яблоня хорошо принялась; 6. обгуляться; уй букадан чыкты корова обгулялась; эчки текеден чыкты коза обгулялась; кой кочкордон чыкты овца обгулялась; 7. в форме причастия чыгар выражает вероятность, предположение; мага да кат бар чыгар вероятно, и мне есть письмо; келген чыгар нужно полагать, он прибыл; 8. в сочет. с деепр. прош. вр. глагола кел- сбыться; айтканы келип чыкты вышло так, как он сказал; ойлогону келип чыкты задуманное им сбылось; 9. в сочет. с деепр. прош. вр. другого глагола означает законченность действия полностью или в какой-то части; суу кайнап чыкты вода закипела; кулагына чейин кызарып чыкты он покраснел до ушей; текшерип чык- обследовать, проверить; окуп чык-прочитать (от начала до конца или какое-л. определённое количество); карап чык- просмотреть (от начала до конца); ал күнкү иштеле турган иштин багытын аныктапчыгат он уточняет направление работы, которая должна быть выполнена за день; <> кайдан чыкса, андан чыксын! куда ни шло!; кайдан чыккан или кайдан чыга калган? откуда он взялся?; сен кайдан чыккан калыссың? а ты ещё что за арбитр?; подумаешь, какой арбитр нашёлся!; кайдан чыга калган кеме экен? а этот ещё откуда взялся?; кебинен чыкпайт он его не ослушается; айтканынан чыкпайт он его во всём слушается; орундан чык- оправдаться (сбыться); душмандардын ойлогон ою ордунан чыккан жок замыслы врагов не осуществились; биз дагы бир тилегиңизге чыгарбыз мы тоже вам когда-нибудь пригодимся; чай чыктыбы? чай заварился?; арак башка чыкты водка ударила в голову; арабадан чыккан ат лошадь, напуганная телегой (когда её пытались объезжать); арабадан чыккан аттай (о человеке) вконец запуганный; тот, у кого совершенно отбита охота к чему-л.; чыга кел- вдруг случиться; неожиданно, сразу же появиться; күтүлбөгөн жерден чыга келген бир окуя неожиданное происшествие; Талды-Суудан чыга келгеним эле ушул сейчас я прибыл прямо из Талды-Суу; моюндарында акчадан 290 сом жүргөндүгү чыга келет выявляется, что за ними числится 290 рублей; көркүнө чык- украшаться; становиться красивым, хорошеть; көркүнө чыккан талаа приукрасившаяся степь; Фрунзе көркүнө чыгып, улам жаңы үйлөр менен кооздолуп бара жатат (город) Фрунзе хорошеет, с каждым годом всё больше украшается новыми домами; аты чыкты он получил известность; он прославился; атың чыкпаса, жер өрттө погов. если ты (делами) не прославился, подожги землю (о тебе заговорят); көзүңдөн чыккыр! или көзүңдөн чыксын! ух ты, неблагодарный!; чай иче берип, тердеп чыктым я (так) пил чай, (что) вспотел; болуп чык- оказаться кем-чем-л.; ал ууру болуп чыкты он оказался вором; каалга жабык болуп чыкты дверь оказалась закрытой; күчтүү болуп чыкты он оказался сильным; бир кой жегенден чыккан жок одной овцы хватило, чтобы только раз поесть (сели и сразу съели); алып келген акча бир күндөн чыккан жок принесённых денег хватило только на один день; мен бир жегенден чыкпайм (из сказки) меня хватит только на один раз поесть (говориткоза волку); кыштан чык- благополучно перезимовать (гл. обл. о скоте); кыштан чыкпай калды скоте) зимой не выдержал; за зиму погиб; кире чык- зайти, заглянуть на минутку; айткан жерден чык- см. айт- III 1; эмчектен чык- см. эмчек 1; чындыкка чык- см. чындык.

(Visited 3 times, 1 visits today)