жок

жок 1. нет, отсутствует, не имеется; менде жок у меня нет, я не имею; баласы жок у него детей нет; жокко туз да жок погов. для кого нет, так и соли нет; жокко амал жок погов. на нет и суда нет; жокко ишенбе не надейся попусту; жоктун жогу абсолютно ничего иет; жамандын барынан жогу погов. лучше никакого, чем плохой; жок кыл- уничтожить; жок кылын- быть уничтоженным; жок бол- исчезнуть, пропасть, перестать существовать; шок болсоң, жок болорсуң погов. если будешь озорным, пропадёшь; жоктон пайда болгон возникший из ничего; 2. в знач. отриц, частицы нет; төө көрдүңбү? — Жок. — Бээ көрдүңбү? — Жок знать не знаю и ведать не ведаю (букв, верблюда видел? — Нет. — Кобылу видел?— Нет); жылында бир келсе, келет, болбосо — жок разве раз в год придёт, а то и того нет; 3. пропажа; жокту издеп жүрөмүн фольк. я ищу пропажу; көптөн жоготкон жогун эми тапкандай (обрадовавшись) будто он нашёл давнюю пропажу; жокту жок издеген табат погов. пропажу найдёт тот, кто ищет; бириң чык, жок сураймын выйди-ка кто-нибудь, я о пропаже расспрошу; жол болсо, жок табылган жерден болсун! желаю тебе удачи в поисках пропажи!; 4. нужда; аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет погов. шею аргамака стрела переедает, шею молодца — нужда; 5. неимущий, бедняк; барлар жокту, жоктор барды көргүсү жок богатые бедных, а бедные богатых видеть не хотят; колунда жок неимущий, бедняк; 6. с предшеств, дат. п. не имеющий склонности к чему-л., не переносящий чего-л.; сөзгөжок неречистый; этке жокмун до мяса я не большой охотник; мяса много, я съесть не могу; суукка жок экенсиң ты, оказывается, чувствителен к холоду; 7. с предшеств, формой на -гы выражает нежелание, отсутствие склонности; баргым жок мне не хочется идти; жегим жок мне не хочется есть, у меня нет желания кушать; 8. или, или же; сен айттыңбы, жок, ал өзү билдиби? ты сказал или он сам догадался?; сен бердиңби, жок, ал өзү алдыбы? ты дал или же он сам взял?; 9. с предшеств, прич. прош. вр. не (отрицание); келген жок он не прибыл; көргөн жокмун я не видел; алган жок он не брал; <>жокко чык- свестись к нулю; жокко чыгар- свести на нет; жогуң! нет, что ты!; эмне? — Жогуңуз (или Жоңуз), жок, жөн эле что? — Ничего, так себе (не беспокойтесь); жоктон акыл изде- стараться понять; жоктон акыл издеп жатам пытаюсь как-то понять; жоктон тапкан эмедей или жоктон тапкансып представляя что-л. уникальное, исключительно ценное; жоктон таап алгансып, кишиге көрсөтпөйт он (это) никому не показывает, считая очень ценным; жоктон тапкансыба, магазинде толуп атат не представляй (это) как какую-то особую ценность, в магазине (этого добра) полно; сен, жоктон таап алгансып, мактайсың ты хвалишь, будто диковину какую-то; жоктон тапкандай кубанасың ты радуешься (этому) как какой-то большой ценности (а ничего особенного нет); жок жерден 1) по пустякам, из-за пустяков; 2) неожиданно, нежданно-негаданно; жок жерден тапкан неожиданно нашёл; жок жерден сөз тапкан чечен находчивый, искусный оратор; жок сөз пустая болтовня, неправда; кой жок сөздү перестань зря болтать; жокту сүйлөбө! не выдумывай); жокту сүйлөйт он мелет чепуху; сага эмне жок?! чего тебе ещё не хватает?!; а тебе-то какое дело?!; мага эмине жок?! а мне-то что?!, а мне-то какое дело?!; эси жок глупый; эси жогум глупенький (ты) мой; жок-бар то-сё; жок-барды сүйлө- говорить о том о сём; рассказывать небылицы; жок-барды сүйлөшүп почесав языки; поболтав о том о сём; элде жок или жанда жок исключительный, выдающийся; элде жок эр или жанда жок эр молодец из молодцов; жок дегенде на худой конец, самое меньшее; хотя бы; бир экзамен берсем бекен, жок дегенде? а не сдать ли мне (на худой конец) хотя бы один экзамен?; көзү жокто см. көз; не бара жок см. не.

(Visited 1 times, 1 visits today)