акыл

акыл ар. разум, ум, рассудок; ар кишиде бир акыл, өз билгенин береби стих. у каждого человека свой ум, от своего он не отступится; менин акылым сенде эмес, сенин акылың менде эмес погов. мой ум не у тебя, твой ум не у меня; всяк живёт своим умом; жакшы болсо катының, табыла берет акылың погов. если жена у тебя хорошая, (то) ум (умное решение) всегда найдётся; кебиң акыл ты умно говоришь; ты дело говоришь; акыл көрсөт- или акыл айт- или акыл бер- советовать; давать советы, давать наставления; наставлять на путь; андай эмес, мындай деп, акыл берген сен ушу фольк. ведь ты меня наставлял, (это) мол, не так, а этак; акыл ойло- думать, обдумывать, обмозговывать; мен бир акыл ойлоп турам я обдумываю одну вещь; мне в голову пришла одна мысль; түрдүү акыл ойлоду фольк. он раскидывал умом так и этак; акыл бөл- давать советы (букв. делиться умом); акылын элге бөлө элек фольк. он пока ещё (был мал и) людям не давал совета; акыл сал- или акыл сура- советоваться; обращаться за советом; просить совета; элден акыл сурабайбыз мы у людей ума не просим; мы сами с усами; катынына акыл салды он посоветовался со своей женой; акылга сал- обдумать, обмозговать;булардын сөзүн акылга салып обмозговав их слова; акылга түш- одуматься; акылыңа түшө көр постарайся одуматься; акылыңды табармын я найду на тебя управу, я придумаю, что с тобой делать; акыл тап- догадаться, додуматься; умудриться; акыл таптым я догадался (что здесь нужно сделать); я понял (в чём тут суть); табылган акыл ловко придумано; удачно придумано; акыл кыл- думать; быть в раздумье; экөө акыл кылышып (они) двое, посоветовавшись; атайын деп аркарды, Молдожаш акыл кылды эми фольк. Молдоджаш раздумывал, не застрелить ли архара; акыл кылдык мы решили; мы нашли нужным; акылга мыктап токуңар фольк. крепко вбейте себе в головы; акылым жетпейт я не постигаю, я не могу понять; акыл кошо турган киши издеди он искал человека, с которым можно было бы посоветоваться; акылга токтол- решить, принять решение; акыл токтот- одуматься; взять себя в руки; прийти в себя; кызуулукту коюп, акыл токтотту он перестал горячиться, одумался; ачуусу таркап акыл токтоткон соң когда гнев его прошёл и он одумался; акылга кир- образумиться; акылга киргиз- образумить; акылы бүтүн (о человеке) умный, разумный; акылы көзүндө у него ум в глазах (о человеке, который понимает только то, что видит);акыл-айла уловки и хитрости; способ выйти из положения; акыл-айла издеп в поисках выхода (из положения);акыл-эс сознание; акыл-эси жетиле элек он пока ещё недостаточно сознателен; акылга жеңдир- см.жеңдир-; акылым жеңип см. жең- II ; <> акыл ийле- см. ийле-; акылга дыйкан см. дыйкан; акылга түй- см. түй-.

(Visited 44 times, 1 visits today)