Агым", 29.01.16 Айтылбай турган сөз эле...

Комментарии · 34 Просмотры

Маани берилбеген мамлекеттик маалымат каражаттары

Президенттин аппараты тарабынан "КР Мамлекеттик маалымат саясатынын концепсиясын" иштеп чыгу

Мамлекеттин маалымат айдыңында уттуруп коюшунун айрым себептери
Ачыгын айтканда чейрек кылымдык эгемендик тарыхыбызда "мамлекеттин маалымат саясаты" тууралуу көп эле айтылганы менен майнап чыгарлык кадамдар жасалганын көрө элекпиз. Тескерисинче, мамлекет - маалымат айдыңында, ошол эле маалыматтык коопсуздук маселелеринде күнү бүгүн демилгени жеке менчик ЖМКларга, интернет басылмаларына уттуруп келет. Эсибизде бар, экс-президент А.Акаев маалымат "согушунда" раматы М.Эшимкановдун "Асабасына" уттуруп койгонун мойнуна алып, айтып чыкканы бар.
Кеп кыябы келип турганда "эмне себептен мамлекет демилгени жеке менчик басылмаларга жеңдирип жибергенине" учкай болсо да токтоло кетейин. Мунун себеби жөнөкөй эле. Ал басма сөздөрдө айтылган элдин үнүн бийликтин кулак сыртынан кетирүүсү, эң башкысы басма сөздөр аркылуу мамлекеттин идеологиясын (идеологиясы болсо жүргүзөбү?) элге жеткиргенди кашайып унутта калтырышы же мамлекеттин, анын жарандарынын кызыкчылыгын коргогон маалыматтарга дээрлик маани берилбей калышы болду.
Эске сала кетсек, биз азыр башына жугунду куюп жаткан эсил кайран союздун же коммунисттердин башкы куралы дал ушул басма сөз болчу. Ал мезгилде иштеген улуу муундагы журналисттер жакшы билебиз, мамлекеттик (анда баары эле мамлекеттики эмес беле) басма сөздөрдө тигил же бул маселе тууралуу кайсы бир жетекчиге сын айтылса бүттү, ал жетекчинин шору кайначу. Ал эми жазып-тайып "Чалканга" чыкты дегиче кайсы жетекчи болбосун "чалкасынан" кетчү. Антени, андагы сын материалдар биринчиден далилдүү фактыларга таянса, экинчи жагынан басма сөздүн таасири ошончолук күчтүү болчу. Ошондой эле карапайым адамдардын каттарына да өтө олуттуу мамиле жасалып, жеринде текшерилип, жыйынтыгы сөзсүз жарыяланчу.
Мамлекеттин маалымат айдыңында жеке менчик басылмаларга уттуруп келишинин негизги себеби ушулар эле. Башкача айтканда, мамлекеттик ЖМКлардын кадыр-баркы, андагы маалыматтардын таасири тууралуу буга чейин Кыргызстанда кыйраткан саясат болгон жок деп ачык эле айталабыз.
Эркин басылмалар дал ушул боштуктан пайдаланып кетишти. Мамлекеттик басылмалардан түңүлгөн, бийликке үнүн кандай жол болсо да жеткирүүгө аракеттенген карапайым жарандар, эркин басылмалардын эшигин жыртып, кандайдыр бир жыйынтык болуп калар деген ниетте, ошолор аркылуу арыз-арманын айтып турушту. Албетте, бийлик уккан деле жок деңизчи, бирок ансайын сөз эркиндигине таянган эркин басылмалардын арааны ачылып, маалымат мейкиндигинде демилгени жулуп алышты. Бул жерде Кыргызстандагы эркин басылмаларга токтолуп отурбайын, ал өзүнчө узак сөз. Болгону мамлекеттин маалымат айдыңындагы мажирөө саясатынан бир үзүм мисал тартканым.
Учурдагы абал
Мен билгенден Кыргызстанда бүгүнкү күндө мамлекеттин колунда ("Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо", "Слова Кыргызстана") республикалык үч гезит, 12 облустук гезит, 7 облустук теле-радио компания, 40 райондук гезит бар. Балким адашып жаткандырмын, тактап алайын деген максатта КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбековага фейсбук аркылуу байланышка чыкканымда бүгүн жер-жерлерден келген басма сөздүн өкүлдөрүн кабыл алып колу бошобой жатканын айтып баш тартты.
Жогорку сандагы мамлекеттик гезиттерди, радио-компанияларды кармап туруу үчүн бюджеттен жыл сайын болгону 50 млн. сом бөлүнөт. Белгилүү болгондой бул каражат мамлекеттик басылмаларда иштеген журналисттердин айлык акысына, материалдык-техникалык базасын чыңдаганга жумшалат. Ошол эле учурда өз жанын өзү багууга аракет кылган мамлекеттик гезиттер да бар. Башкасын айтпаганда да, улуттук төл башы гезитибиз "Кыргыз Туусу" рыноктун шарттарында реклама менен жан багып жатса керек эле. Бирок мамлекет тарабынан атын атаганда куту сүйүнгөн "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо" гезиттеринин тиражын өстүрүүгө кол кабыш кылып, материалдык жактан жетишээрлик деңгээлде колдогон кадамдар жасалып жатат дегенден алысмын. Муну ал гезиттерде иштеген журналист коллегаларыбыздын сөзүнөн улам жакшы билебиз. Бул жерде эми араң сөз болуп жаткан, мамлекеттик маалымат саясатынын жоктугу оңбогондой кедергисин тийгизүүдө.
"Кабар" агенттигинин кадырын качан билебиз?
Мезгил өзгөрүүдө. Сыягы, өзүбүз да билип билбей "интернет кылымына" кантип кирип келгенибизди байкабай калдык окшойт. Учурда дал ушул интернет басылмалардын арааны жүрүп жатат. Анын таасири ушунчалык дейсиздер оперативдүүлүк жагынан алдына ат салдырбаган радио да чаңында калды. Ага жараша Кыргызстанда да интернет сайттары, электрондук маалымат алмашуу күн эмес саат сайын өсүп баратат. Өлкөбүздөгү интернет басылмалардан алдыга суурулуп чыкканы ""Акипресс", vb.kg, "24KG" сайттары болууда.
Ошол эле учурда мамлекеттин деле уучу кур эмес. 78 жылдык бай тарыхка ээ, Президентке жападан-жалгыз караган "Кабар" мамлекеттик" маалымат агенттиги бар. Бул агенттиктин мамлекеттин маалымат саясатын жүргүзүүдөгү орду эбегейсиз зор экенин өзүм ак нанын жеп, тузун татып келгендигимден улам жакшы билем. Себеп дегенде, "Кабар" агенттигине текшерилбеген, такталбаган же жеңил-желпи бир дагы материал жарыяланбайт.
Ал эми бийлик тарабынан эми элге жарыя айтылып, эксперттик топко тапшырылып жаткан "КР мамлекеттик маалымат саясатынын концепциясынын" негизги үлгүлөрү "Кабар" агенттигинде бир жылдан бери эле практикаланып жатканын кошумчалай кетейин. Баарын айталбайм. Анткени бул "Кабар" мамлекеттик маалымат агенттигинин ички саясаты.
Ошондой болсо да мынча сөз болуп калгандан кийин, мамлекеттик маалымат саясатынын жоктугу "Кабар" мамлекеттик маалымат агенттигине, болгондо да төрт тилде (кыргыз, орус, англис, түрк) маалымат тараткан Президенттин бирден-бир маалыматтык куралына өгөй баладай мамиле жасалып жатканын сөз кылбай кое албаймын.
Мамлекеттин маалымат саясатынын, (бул багытта бийликтин туруктуу алпара турган бирдиктүү саясатынын) өксүктүгүн дал ушул "Кабар" агенттигинин мисалынан көрө алабыз. Далилдеп көрөйүн. Мамлекеттик болгондон кийин Президенттин жарлыгы, Премьер-министрдин буйруктары, токтомдору, кадрдык өзгөрүүлөргө же алардын расмий иш-аракеттерине байланышкан маалыматтар эң биринчи "Кабар" агенттигине жарыяланышы керек эле. Тилекке каршы, ал маалыматтар биринчи кезекте жеке менчик интернет сайттарына жарыяланат. Бул кызганыч эмес. Албетте, жеке менчик маалымат булактары да мыйзамга ылайык маалымат алууга, таратууга укуктуу. Кеп аларда эмес. Кеп мамлекеттик расмий бийликтин өзүнүн маалымат каражатына болгон салкын мамилесинде болуп жатат.
Мисалга кайрылсак, канчалык сөз эркиндиги деп көкүрөк какпайлы, маалымат коопсуздугу жагынан коңшулар бизден күнчүлүк алыска кетиптир. Башкасын айтпайлы, Өзбекстандын УзА (Улуттук маалымат агенттиги), Казакстандын kazinform агенттегине чыкмайын бир да расмий маалымат башка булактарга жарыяланбайт. Тажикстанда да ошондой. Жанагы "Кабарга" өгөй мамиле болуп жатат дегеним көрүп туруп ич тызылдагандыктан улам чыгууда.
Сөзүбүздүн аягында Президен-ттик аппаратынын "Мамлекеттик маалымат саясатынын концепциясын" иштеп чыгууга кадам ташташы өз учурундагы жасалган маанилүү кадам экенин белгилей кетмекчибиз. Бул жагынан абдан эле кечиктик...Эми кеч болсо да бул маселенин көтөрүлүп жатышы көңүл көтөрбөй койбойт.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ

Комментарии