Агым", 29.01.16 "Кереметтердин" корифейлери Өжөрлүк менен кыялына жеткен оператор

Комментарии · 79 Просмотры

"Кыргыз керемети" жөнүндө сөз баштаганда кыргыз режиссерлордун тасмаларын териштирип, сөзсүз "Ак илбирстин тукуму" деген тасманы ошол кереметте

- Менин атам өмүр бою башкарма болуп иштеген. Колхоздон баштап, райондук жетекчи болгон. Ал менден кыйла бою узун, сүрдүү, сулуу киши эле. Атамдын жашы жетимишке келип калганда, экөөбүз жолдо баратсак, атамды көргөн аялдардын "какой интересный мужчина" деген сөздөрүн угуп калчу элем. Атамды тааныган кишилер, мени да ага окшоштурушат. Чоң-Арык айылдык кеңешинин төрагасы болуп 11 жыл эмгектенген. Мен кичинекей кезимен эле киного умтулгам. Ал кезде райкомдун өкүлдөрү, министрлер эки күндүн биринде эле биздикине конокко келип турушчу, себеби анда азыркыдай мейманкана жок эле. Апам айткандай бир жумада эки-үч жолу мал союшчу. Анын баарын эстеп бир китеп чыгарсам болот. Ошол кезде "Виллис" деген унаалар жаңы келген, мени тапшырма менен жөнөтүшчү, аларды аткарып келсем үч сом берчү эле. Биздин айылыбызда менин досум бар эле, мыкты ырдачу. Анын ырдаганы мага аябай жагып, мен аны укмуш ырчыдай көрчүмүн. Аны туурап вокалист болом деп да кыялдандым. Анын жөнөкөй эле ырчы экенин кийин чоңойгондо гана түшүндүм. №5 мектепте Жамал Сейдакматова, Мамат Айбалаев менен чогуу окучубуз. Жамал экөөбүз жаңы жыл кечесинде чогуу ырдаганыбыз эсимде. Бир күнү мектепке режиссерлор келип калышты. Айтор ошондон кийин эле мен киночу болом деп чечтим.
Үйдөгү энесинин дагараларынын баары плёнка реактивдер, фиксаждарга толуп, дагы бир бөлмөсүнө плёнкаларын жайып кургатат. ВГИКке тапшырам деп Нуртай ага өзү чечти. Киностудиянын ошол кездеги мүдүрү Шаршен Усубалиевге жолугат. Ал эми атасы болсо баласы бузулуп кетпесин деп финансы техникумуна тапшыртып, аны бүтөөрү менен колхозго эсепчи кылып иштетип коет. Кыялданган Нуртай колхоздор жаңыдан совхоздорго айланып, мамлекеттик буюмдары уурдалганын көрүп, ыңгайсыз иштерден алыс болоюн деп ошол жумуштан четтептир. Усубалиев "ии, уурдап бүткөндөн кийин бул жакка келдиңби?" дегенде, Борбиев ага уурдагым келбеген үчүн келдим деп жооп берет. Ошондо дагы Усубалиев Нуртайды жумушка алгысы келген эмес, бирок Нуртай атасынын айткан сөзүн эске тутуп, көгөрүп туруп алат. "Пара бергенден көрө, бара бергениң оң" деп айтчу экен атасы. Ошентип, бир тууган байкесиникине таң атпай барып, ал киши аркылуу сүйлөшүп жатып, мейли акысыз болсо да иштейм деген Нуртай киностудияга кирет. Үч ай акысыз, кара жумуштардын баарын жасап иштейт.
- Кыштын чилдесинде Сосновка айылындагы аэроклубдун парашютисттерин тартуу керек болчу, - деп Нуртай ага сөзүн улады. - Ошол маалда Кара-Балтага чейин асфальт жол жок, анда "Уазиктер" да жүрчү эмес, өйдө жагы ачык жүк ташуучу унаа жүрчү. Ошондой унаага отуруп, жолдон тоңуп келген күндөр болгон. Анда Мелис Туратбеков деген киши бар, ВГИКти бүтүрүп Кыргызстандын алгач оператору болуп келген, ошол киши мага өзүнүн саркеч туфлисин бергени эсимде. Анын таманы жука эке, үстү ачык унаага түшүп, бутум тоңуп, өзүм да тоңуп үшүгөнүм эсимде.

Ал жерге келсе Бурт деген киши оператор болуп 75-объективди алып келсин деп Нуртайды жөнөтөт, ал жаңы келип, билбей туруп калса, тиги киши "Вот таких дураков берем!" деп бакырат. Ошо жерде анча-мынча тажрыйбасы бар жарык берген адис жардам бербесе, ким билет Нуртайды ошол эле күнү жумуштан айдап жиберет беле? Бирок үч айдан кийин баягы Усубалиев Борбиевди жумуштан чыгарып салат. Штаттан сырткары адам болгондон бери акысыз иштесе да укугу жок. Ал кезде Нуртай болгону штативди эле көтөрүп жүрчү, аны аппаратка жолотчу эмес. Жумуштан чыккандан кийин, өжөрлөнүп жатып атасынын эски досу, опера-балет театрынын мүдүрү Жапар Садыковго телефон чалдырып жатып кайра киностудияга жумушка кирет.
- 1960-жылдардын башында "Тянь-Шандын кызгалдактары" деген тасмага кирип калдым, ал тасмада Жамал Сейдакматова башкы каарманды жараткан. Ошондо Төө-Ашууда кыш, кар белге чейин, 20 градустай суук. Ашууда болсо ошол кездеги тоннелди куруучулар үчүн атайын жай орнотулган, анан дагы Москванын өзүнөн азыктарды алып келишет. Бир күнү түшкү тамак ичкени баары кетип, мени аспаптарды кайтаргын деп калтырышты. Ошол кезде Абды деген администратор бүт баарына чокой, унты кийгизип, мага болсо резинке өтүктү берип койгон. Алар тамактан келгенден кийин белгилүү оператор Куприянов келип, менин бутумдагы резинке өтүктү көрүп чечтиртти. Ал оператор "Зигзаг Удачи", анан дагы "Женитьба Бальзаминова" деген тасмаларды тарткан. Катуу үшүгөндүктөн буттарым эч нерсени сезбей калыптыр. Оператордун ассистенти чуркап барып дагарага карды толтуруп анан буттарымды катуу ушалап кирди. Ал киши болбосо мен бүгүн баспайт элем, - дейт өткөндү эскерген Нуртай ага.
- ВГИКке тапшырбай калдыңызбы анан?
- Кайдагы ВГИК? Камера колума тийгенден кийин эле рахаттанып болушунча тарта бердим.
1970-жылдары Нуртай Борбиев, Сүймөнкул Чокморов, Асан Шаршенов, Каарман Ашимов төртөө Минск шаарына Бүткүл Союздук кинофестивалга барышыптыр. Ал жерден Борбиев, Б.Жакиевдин сценарийи, Т.Океевдин режиссурасы менен тартылган "Мурас" тасмасы үчүн байге, С.Чокморов "Караш-Караш окуясы" деген тасмадагы Бактыгулдун элесин мыкты чагылдырганы үчүн байге алышыптыр. Банкет уюштурганда баары тең кыргыз киночуларды тегеректеп калышыптыр, Нуртайдан Прибалтикадан келген кесиптештери "сен качан ВГИКти бүттүң эле?" деп сурашат. Алардын жанына ВГИКтин профессору басып келип: "Мен ВГИКтин профессору катары муну айтат элем. Бул киши бизде окубай эле, биз мындан тартканды үйрөнүшүбүз керек" дептир. Борбиев үчүн бул эң бийик баа эле.

2015-жылы Борбиев өзүнүн катардагы тасмасын тартты. 78ге келсе да бул киши тынбай чыгармачылыгын эл үчүн, өлкө үчүн чагылдырат. Орусияда жүргөн биздин мекендештерибиздин жашоо-түйшүктөрү, ал жерде ата- мекенин сагынып, бирок турмуштун кыйынчылыктарынан акча таап иштеп жүргөн мигранттардын көйгөйлөрүн "Тагдыр" тасмасында көрсөтөт. Өзү айткандай, Асанкалый Керимбаевдин "Туулган жер" деген ырын тасмага киргизген.

- Айта берсең ойлор, армандар көп, - дейт Нуртай ага. - Ар кандай кишилер менен иштейсиң. Бир жолу Кадыржан Кадыралиев жөнүндө тасма тартканым эсимде. Мен киностудияга барсам монтажда Кадыржан менен монтажер аял отуруптур. Монтажер аял мага эки сааттан бери кыйналып жатканын айтты. Же нары эмес же бери эмес дейт. Көрсө, Ишен Сагынов деген кино сүрөтчү жөнүндө тасма тартып, анан ошону бүтүрө албай отуруптур. Мен сурасам, ойлонуш керек деп койду. Мына мобу жерин алып алмаштырып кой десем да болбой, ойлонуш керек деди. Эки сааттан кийин келсем ошол эле бойдон, ойлонуп отуруптур. Жиним келип, сен операторлордун мыктысысың, а бирок режиссер катары начар экенсиң деп ачык айттым. Ал киши унчукпады, мага "кыйын болсоң өзүң жасабайсыңбы" деп да айткан жок. Айтканымды жутуп алды... Жумушта ушундай ыңгайлуу жана ыңгайсыз операторлор болот.
Нуртай Борбиев чогуу иштеген кесиптештерин унутпайт. Ал Дооронбек Садырбаев менен да иштегенин эстеди.
- Дооронбек чыгармачыл адам болчу. Ал сөзсүз элге түшүнүктүү жана саясый жагын да көрсөткөнгө умтулчу. Бир жолу өзү жаман кийимдерди кийип мени тарт деди. Анан Асанкул Шаршенов деген комик аткаруучу бар эмес беле, ошону тарт дейт. Ал киши болсо өмүрү чечинбептир, денеси аппак болуп, менин итиркейим келип жатса да Дооронбек ошону тарт деди. Жадагалса жанагы көгүш майкесин кийип ого бетер жинимди келтирди. Тартпайм десем, тарт дейт. Анын эмне ич кийими францияныкыбы аны тарта тургандай десем да болбой тарттырып койду. Дайыма бир кызык нерселерди таап жүрчү.
- Сиз көптөгөн кинофестивалдарга барып жүрөсүз, айтыңызчы, азыркы операторлордун деңгээлине кандай баа бере аласыз?
- Биз мурун плёнкага тартчубуз, азыр болсо баары санарипке өтүштү. Бирок эң башкысы бул чыгармачылык. Деңгээлин орто десем болот.Мен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы институтта сегиз жыл сабак берип жүрдүм, кээ бир окуучуларым кадимкидей канааттандырат. Биз эми операторбуз да. Анан тартуу ыкмалары тууралуу, кайсы ракурс, кандай жарык беришти үйрөткүм келет. "Ак илбирстин тукуму" деген тасманы Жан Маре деген франциялык аткаруучу калыстардын төрагасы болуп, ошол тасманы "өзгөчө көркөмдүк чечим" үчүн деп мактаган. Ошондо биз баш байгени алганбыз.
- Бүгүнкү күндө кыргыз керемети барбы? Мурунку сыймыктанган даражага заманбап кыргыз киносу жетеби?
- Баардыгы талантка көз каранды. Мезгил кандай болбосун таланттар баары бир жарала берет. Асфальттагы гүлдү карачы, жол таап чыгат, таланттар да ушундай. Мен оператор деген наамга жети жылда жеткем. Чеберчиликтин жолу татаал, анын чокусуна жеткендер да, жетпегендер да бар.
- Сиз бүгүн кайсы режиссер менен кандай тасманы тарткыңыз келет?
- Жетимиштин кырын ашкандан кийин, дегеле ар дайым өлкөнүн тагдырын, анын келечегин ойлойсуң. Дүйнө чоң кербендей. Баарыбыз бир жактан башка жакка көчүп жүрөбүз. Эртең эмне болот деп ойлоп жатып, мына "Тагдырды" тарттым. Кыргыздарда макал бар эмеспи "Башка жерде султан болгончо, өз жериңе ултан бол" деген. Ошону эстеп, биз кай жерде жүрбөсөк дагы Ала-Тоонун мөңгүлүү чокуларын көргөндө жүрөгүбүз жылып калат....
Мен Нуртай Борбиев аганы карап туруп эмне деп кошумчалаарымды да билбей калдым, себеби ал кишинин айтканынын баары чын. Ошол үчүн кыргызбыз да, ошол муун өзүбүздүн тоолорубузду, жерибизди эч жерге алмаштырбай, ушу жер үчүн болгон күчүбүздү, болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшайбыз. Борбиевдей болгон залкар кесипкөй инсандарга таазим, ушулардын тарткан, жараткан тасмаларын карап мекенибизди сүйөбүз. Ушуларга сый урмат. Көп жашагыла, биздин аксакалдар.
Назира РАЙЫМКУЛОВА

Комментарии