Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу

Комментарии · 23 Просмотры

Зоодүкөн ачуу үчүн башка соода бизнесинин түрлөрүндөй эле биринчи соодага уруксат алуу жана жеке ишкерликти каттоо документтерин даярдоо керек.

Дары -дармектерди жана жемдерди сатууга сизге ветеринардык лицензия керектелет, анын акысы 2000 гривен турат. Аны алыш үчүн штатта ветеринардык дарыгер болуусу керек.
Зоодүкөнүн кирешелүү болуусундагы өзгөчө маанилүү аспект - азырынча репутациясына ээ боло элек продукциялардын түрлөрлөрүнүн көптүгүндө эмес. Кеп дүкөндүн жайгашкан жеринде.
Анткени, үй жаныбарларынын көпчүлүк ээлери жемди жумушунан үйүнө кайтып баратып алышат. Аны менен катар маанилүү дүкөндүн көрнөгүн ачык жана адамдын көзүнө дароо уруна тургандай жасатыңыз, жумуштан чарчап кайткан адам катардагы көрксүз көрнөктү көрбөй өтүп кетүүсү мүмкүн. Базардын тажрыйбасы мындай дүкөндү ачуу көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында болсо, эң сонун болоорун тастыктаган.
Кичинекей соода түйүнүнүн сөзсүз болчу нюансы - имараттын ичиндеги абаны толугу менен тазалап турган жакшы вентиляциялык тутум зарыл. Көпчүлүк жемдер сепцификалык жытка ээ болгондуктан, аба тазалоочу аппарат болбосо, дүкөни чине толуп, сырттан кирген потенциалдуу кардар мурдун жаап, кайра чыга качышы мүмкүн.
Соода түйүнү бардык продукциялардын түрү кардарларга даана көрүнүп туруусу үчүн абдан көп текчелерге муктаж. Сырттан кирген адамдын көзүнө дароо чалдыкчу текчеге көп сатылчу жемдерди коюп, жан-жакасына жаныбарлардын дааратканасына толтурулчу затты, жасалгаларды илсе болот, а дары- дармектерди ветеринардык дарыгерин консультациясы жок сатпаңыз.
Үнөм клаасындагы товарлардын биринчи партиясын сатып алууда 30 миң гривен керектелет. Эгер жаныбарлардын өзүн сатууну кааласаңыз, бул бизнестин өзүнүн айлакердиги жана кылтагы барын унутпаңыз. Мисалы, чычкан же ага окшогон кемирүүчүлөр пайдалуу товар болуп эсептелинет, анткени бул жаныбарлар үйүргө ыкташат, демек, алар жалгыздап жашай алышпайт, аларга өнөктөш керек.
Ошондуктан, сатып алуучуларга алардан дароо бир нече даана сатып алууга туура келет. Ошол эле нерсе майда балыктарга да тийиштүүү аларды бир алганда 25 даанадан да алышат. Кырдаалдын жакшы айкалышуусунан дүкөн кетирген чыгымдарды жарым жылдын ичинде кайтарат.
Зоодүкөндүн сайтын ачуу боюнча айтсак, биринчи дүкөндүн өзүн ачуу натыйжалуу, андан кийин сайтты иштетүү керек. Анткени кардар биринчи баарын реалдуу көрүп, андан кийин гана убакыттын өтүшү менен виртуалдуу дүкөндүн кардары болот.
Студенттер жана мектеп окуучулары үчүн бизнестин беш идеясы

Мектептерде жана атайын жана жогорку окуу жайларында окуган улан -кыздардын бош убакыттары абдан көп жана энергияга да бай келишет. Убакыттары аларга пайда же киреше алып келбей өткөн учурлар да болот. Же тескерисинче. Студенттер жана мектеп окуучулары үчүн бизнес стартап идеясы билим алуунун жараяны менен байланышкан негизде сунушталат.

Комментарии