Кебекгүл! Журналистин баяны! 2 бөлүм

Комментарии · 66 Просмотры

- Эжелер! Байкелер! Тынч туруп бизге бирден сүйлөп берсеңер?

- Мен биринчи сүйлөйм. Атым – Менеджер! – деп төшүн кагып койду төрдөн бирөө.

- Мен – Журналистмин. Сен журналисттерге тартсаң, менден биринчи интервью ал – деди темир кадака тамак бышырып жаткан аял.

- Мен илимпозмун, аздыр-көптүр илимге салып кошком. Сүйүүнүн айынан ушундай абалда калдым.

- Мен бийчимин, тим эле бутумдун учу менен чимирилип бийлеп берем, - деп жаш бирок аябай чочкодой семирип кеткен кыз чын эле бутунун учу менен туруп бийлеп баштады. Сен бийлеп адамдын көңүлүн бурдурба дегенсип тамак бышырып жаткан, өзүн журналистмин, - деп тааныштырган аял колундагы депкир сыяктуу бирдеме менен бийлеген кызды чокуга бир койду. Жини келген семиз кыз кадакта борулдап бышып жаткан тамакты бир тээп көңтөрүп салды. Кепкир менен башка, көзгө койгулап, кыйкырып кирди:

- Мен бышырып жаткан тамакты төгүп салганың эмне?

- Мен бийлеп жатканда башыма урганың эмне? Булардын баарын оператор Нурлан жазбай тартып жатты.

Менеджер менен Илимпоз ордунан туруп эки аялды бөлүштүрүп, экөө экөөнү кучактап алдап-салдап эркелетип калышты. Ой тобоо… Селсаяктар да эркелеткенди билет экен, - деп күлкүм келип, өзүмдү араң кармап, жумушумду баштадым. Иретсиз жерде турсам да, өңү башымды күзгүмө карап экранга өзүмдү даярдадым.

- Кандай, жакшы элеби – Нурлан?

- Болот, баштай бер! – деди.

- Саламатсыздарбы урматтуу телекөрүүчүлөр, бүгүн биздин программада «селсаяктар» - деген темада иликтөө жүргүзүп, шаарыбыздагы кээ бир селсаяктар менен баарлашууну туура көрдүк. Урматтуу журналист эже өзүңүздү тааныштырып өтпөйсүзбү?

- Мен Бейшеналиева Бактыгүл, 1970-жылы Ош областынын, Кадамжай районунда төрөлгөм.

- Бул абалга кантип кабылып калдыңыз эле?

- Мен бузукулук кылып кабылганмын. Бирок мен бузуку болоюн деген эмесмин. Бир тууган жездем мени бузуп, анысы аз келгенсип өз канынан жаралган кызын бузуп  койгондо, күйүтүмө чыдабай бетине уксук чачып жибергем.

- Эмесе ошол бузукулук баяныңызды кеңири айтып берсеңиз. Балким сизди уккан элдерге сабак болоор…

Макул дегенсип ойлонуп калды.

Комментарии