Мурдагы башкы прокурор, ЖК депутаты Аида Саляновага Кылмыш кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү менен козголгон кылмыш иши (А.Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып бергендиги боюнча) толук мыйзамсыз. Бул тууралуу Аида Салянова, анын жактоочулары жана укук тармагын беш колундай билген юристтер дагы тастыкташууда. Биз сөзүбүз куру болбос үчүн фактылар менен далилдегенге аракет жасайлы.
1. Кылмыш ишин козгоо боюнча түзүлгөн токтомдогу "А.Елисееевге алынган лицензиянын негизинде "Central Asia Consulting" консалтингдик компаниясын түзүү менен Латвияда тоскоолдуксуз иштөөгө жана ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн" деген аныктама далилсиз жана негизсиз.
УКМКнын тергөө башкармалыгынын өкүлү С.Токтогоновдун билдирүүсүндө башкы прокуратура "Central Asia Consulting" боюнча Латвия Республикасына тиешелүү суроо-талапты 2016-жылдын 28-декабрында жиберилгендиги айтылат. Ал эми кылмыш ишин козгоо боюнча токтом 26-декабрда токулган. Мындайча айтканда, токтом чыгарган мезгилде иштин материалында А.Елисеевдин фирмасы жаңыртылган лицензиянын негизинде түзүлгөндүгү тууралуу далилдер болгон эмес. Анткени, А.Елисеев жаңыртылган лицензиянын негизинде Латвия өлкөсүндө жашап жана иш алып баруусу мүмкүн эмес болгон. Же болбосо башкы прокуратура кылмыш ишин козгоо үчүн жасалма фактыларды колдонгон. Ал эми официалдуу суроо-талап Латвия өлкөсүнө кылмыш иши козголгондон кийин эки күндөн соң жөнөтүлгөн. Ошондой эле кылмыш иши менен таанышкан учурда Латвия Республикасы башкы прокуратурага жооп берүүдөн баш тартканы белгилүү болгон. Айта кетүүчү жагдай, Латвия Республикасынын коммерциялык ишканалар тууралуу маалымат жайгаштырылган сайтында "Central Asia Consulting" жоопкерчилиги чектелген коому 2010-жылдын 29-апрелинде, тактап айтканда, лицензия жаңыртылганга чейин эки ай убакыт калганда катталгандыгы тууралуу маалымат жайгаштырылган. Мындан сырткары, үстүбүздөгү жылдын 6-февралында Аида Салянованын жактоочуларынын наамына келген, Латвия Республикасынын төрагасы Г.Берзиньштын колу коюлган катта (каттоо номери №142.9/3-18-12/17) аталган өлкөдө юридикалык тараптарды каттоо Латвиянын коммерциялык мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлө тургандыгы айтылат. Латвияда юридикалык кеңеш берүүчү компанияны каттоо үчүн адвокаттык лицензияны көрсөтүүнүн зарылдыгы жок. Жоопкерчилиги чектелген коомдун негиздөөчүсү жеке жана юридикалык тараптар боло алат.
2. Токтомдо Салянова А.Ж. Кыргыз Республикасынын "Адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндөгү" мыйзамынын 5-беренесин бузуп, ИИМдин маалымат борборунан А.Елисеевдин соттолгондугу тууралуу жана ЦАРИИден иштен бошогондугу тууралуу маалыматтарды текшерүү иштерин жүргүзбөгөндүгү айтылат. Ал эми кылмыш иши менен таанышуу учурунда юстиция министрлигинин кызматкерлеринин баардык көрсөтмөлөрүндө лицензияны жаңыртуу үчүн соттолгондугу тууралуу жана кызматтан кеткендиги боюнча маалыматтар талап кылынбай тургандыгы белгилүү болгон. "Адвокаттын ишмердүүлүгү жөнүндөгү" мыйзамдын аталган беренесинде адвокаттык ишмердүүлүк менен ишке жарамсыз, соттолгон, укук коргоо органдарынан атайын себептер менен иштен бошогон жарандар гана алек боло албай тургандыгы айтылган, тактап айтканда, мыйзамдын аталган беренеси талапкерлерге болгон талапты гана тактайт, бирок, бул лицензияны жаңыртууга тиешеси жок. Бул берене лицензияны жаңыртууга тиешелүү болгон күндө дагы биринчиден, А.Елисеев соттолгон эмес, экинчиден, анын кайсы бир себептер менен кызматтан кеткендиги тууралуу буйрукту тактоонун зарылдыгы жок болгон. Анткени, А.Елисеев иштеген ЦАРИИ Убактылуу өкмөттүн декрети менен жоюлуп кеткен, ал эми аталган декрет А.Елисеевдин арызында тиркелген. Көрүнүп тургандай, А.Саляновага козголгон кылмыш ишинде далилсиз фактылар келтирилип, "Адокаттык ишмердүүлүк жөнүндөгү" мыйзам - мыйзамсыз кылмыш ишинде одоно бурмаланган.
3. Аталган мыйзамдын 7-беренесинин 4-абзацына ылайык, адвокаттык ишмердүүлүккө берилген лицензия токтотууга жана аталган мыйзамга ылайык жокко чыгарууга чейин жарактуу. Тактап айтканда, мыйзамдын негизинде А.Елисеев лицензияны токтоткон мезгилден баштап адвокат болуп эсептелген эмес. Бирок, кылмыш ишин козгоого байланышкан токтомдо А.Елисееевдин лицензиясы токтотулганына карабай ал адвокат боло берет жана "Адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндөгү мыйзамдын нормалары тийиштүү" экендиги аталган мыйзамдын жетинчи беренесине каршы келет.
4. Токтомдо А.Салянова лицензияны жаңыртуу учурунда юстиция министрлиги тарабынан мурдатан алынган маалыматтардын негизинде А.Елисеевге кылмыш иши козголгондугун жана анын издөөдө болгондугун билген деп айтылат. Бирок, иштин материалында укук коргоо органдарынан алынган бир дагы тастыктоочу далилдер жок.
5. 2017-жылдын 13-мартындагы А.Саляновага кылмыш ишин козгоо тууралуу токтомдо "Адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндөгү" мыйзамдын 10-беренесине ылайык, мамлекеттик кызматка ишке кирсе, адвокаттык ишмердүүлүк боюнча лицензия КР юстиция министрлигинин чечими менен токтотула тургандыгы, ал эми аталган мыйзамдын 11-беренесине ылайык адвокат мамлекеттик кызматка ишке киргендиги тууралуу юстиция министрлигине маалымат берүүгө тийиш экендиги, А.Елисеев ЦАРИИнин жетекчисинин орун басары болуп иштеп туруп, 2010-жылдын 12-февралында гана, тактап айтканда, үч ай, жыйырма күн өткөндөн кийин гана юстиция министрлигине маалымат бергендигин, муну менен аталган мыйзамды бузгандыгы айтылат.
Айта кетүүчү жагдай, "Адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндөгү" мыйзамдын 11-беренесинде сөзмө-сөз мамлекеттик реестр жактоочунун атын, фамилиясын, атасынын атын, дарегин, лицензия берилген датаны, лицензиянын номерин, адвокаттык уюмдун юридикалык дареги жана аталышы, тиешелүү талап менен даярдалган мөөрдүн көчүрмөсү көрсөтүлгөн. Реестрдеги көрсөтүлгөн ар бир өзгөрүүлөр туурасындагы маалымат бир айдын ичинде юстиция министрлигине маалымдалышы керек.
Мындан сырткары, юстиция министрлигинин 2017-жылдын 13-майындагы №Дж.-3424 катында 2010-жылы тиешелүү мыйзамга ылайык, мамлекеттик реестрде жактоочунун атын, фамилиясын, атасынын атын, дарегин, лицензия берилген датаны, лицензиянын номерин, адвокаттык уюмдун юридикалык дареги жана аталышы, тиешелүү талап менен даярдалган мөөрдүн көчүрмөсү көрсөтүлгөндүгү айтылат. Муну менен А.Саляновага ачылган кылмыш иши тууралуу токтомдо "Адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндөгү" мыйзам бурмаланган.
6. Токтомдо "… А.Салянова кызмат абалынан пайдаланып, 2010-жылдын 28-июнунда
А.Елисеевдин №00813 жактоочулук ишмердүүлүгү улантуу боюнча лицензиясын узартып берүү боюнча №58 мыйзамсыз буйругун чыгаруу менен ага артыкчылык берип жана андан пайда көрүүнү көздөгөн" деп айтылат. Бирок, А.Елисеевге кандай артыкчылык берип жана андан кандай пайда көргөндүгү тууралуу далилдер келтирилген эмес.
7. Мындан сырткары, кылмыш ишинде А.Елисеев №00813 адвокаттык лицензияга ээ болуу менен Латвия Республикасынын аймагында "Central Asia Consulting" жоопкерчилиги чектелген коомун, ошондой эле интернет айдыңында "www.eliseevs.com" жана "www.jelisejevs.com" сайттарын түзүп, өзү жана аталган компания тууралуу рекламалык маалыматтарды түзгөндүгү айтылат. Бирок, иштин материалында болгону жогоруда аттары аталган сайттарды тизмектеген (иштин алтынчы томунун 179-бетинде) протокол гана тиркелген, ал эми тергөө тарабынан ким тарабынан, кайсы убакытта, жана кайсы өлкөнүн аймагында жогоруда аттары аталган сайттар ачылгандыгы көрсөтүлгөн эмес. Иш жүзүндө катталган сайттар тууралуу маалыматтар жайгаштырылган www.whois.сom сайтындагы маалыматтарга караганда, "www.eliseevs.com" 2011-жылдын 29-сентябрында түзүлүп, Бишкек шаарынын Семашко көчөсүндө 5-14 дарегинде катталгандыгы көрсөтүлгөн. Бирок, белгилүү болгондой,
А.Елисеев аталган убакытта КР аймагында жашаган эмес. Демек, аталган сайтты дагы түзүүсү мүмкүн эмес. Мындан сырткары, "www.jelisejevs.com" сайты 2016-жылдын 14-октябрында, тактап айтканда, кылмыш иши козголгонго чейинки аралыкта түзүлгөн, ошондой эле сайт аталган кылмыш ишинде негиз болуп көрсөтүлүүсү үчүн ачылган.
8. Мындан сырткары, А.Саляновага Кылмыш кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү менен кылмыш ишин козгоо таптакыр мыйзамсыз экендигин тактай кетүү зарыл. Кылмыш кодексинин аталган беренесинин 4-бөлүмү эгер аталган берененин экинчи жана үчүнчү беренелерине ылайык, кызмат адамдары тарабынан жасалса колдонулат. Өз кезегинде 304-берененин 2-жана 3-бөлүмдөрү төмөндөгүдөй каралат:
(2) Өзү жана башкалар үчүн пайда жана артыкчылык көрүү үчүн жана жеке кызыкчылыктар үчүн жасалса;
(3) Аталган берененин экинчи бөлүгүндө жасалган аракет;
1) Ири көлөмдөгү чыгым келтирилсе;
2) Кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн жасалса.
Белгилей кетүүчү жагдай, иштин материалында А.Салянованын А.Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып берүү менен жеке кызыкчылыктарынын аркасында өзүнүн жана же башкалардын кызыкчылыгы үчүн пайда көргөндүгү үчүн далилденген эмес. Мындан сырткары, А.Ю.Иванов өзүнүн тергөө иштеринде берген түшүнүгүндө юстиция министрлигинин кызматкерлеринин эч бирине кайрылбагандыгын, болгону А.Елисеевдин арызын минюсттун канцеляриясына тапшыргандыгын көрсөткөн. Лицензия жаңыртылгандан кийин ал А.Елисеевден ишеним кат алып, андан кийин анын негизинде лицензияны алып А.Елисеевге жеткиргенин көрсөткөн. А.Ю.Иванов өзүнүн түшүнүгүндө: "Мага чындап келгенде лицензияны беришеби же жокпу айырмасы жок болчу. Мен А.Елисеевдин өтүнүчүн гана аткаргам" деп турат. Бул көрсөтмө А.Салянованын аракетинде Кылмыш кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү жок экендигин жана анын өзү жана башкалар үчүн эч кандай пайданы көздөбөндүгүн далилдеп турат. Тактап айтканда, А.Салянованын юстиция министри катары катардагы ишин аткаргандыгын жана анын аракетинде эч кандай кылмыштын курамы жок экендигин билүүгө болот.
Жыйынтыктап айтканда,
А. Саляновага козголгон №150-16-173 кылмыш ишинин орду жок. Кыргыз бийлигинин буйругун аткарып жаткан сот тармагынын өкүлдөрү өз жүздөрүнө көлөкө түшүргүлөрү келбесе, кылмыш курамы жок мындай ишти токтотууга тийиш.
Канышай МАМЫРКУЛОВА
Поиск
популярные посты
-
Агым", 29.01.16 "Кереметтердин" корифейлери Өжөрлүк менен кыялына жеткен оператор
От presskg -
"Учур", 30.01.14 "Үстү жактагылардын эскертүүсүнө карабай Каркыраны бергенге каршы болгом"
От presskg -
"Асман.kg", 28.01.10 Медведьевдей Бакиев катыша алабы?
От presskg -
"Учур", 30.01.14 "Бүгүн курсакты ойлогон кыргыздар көбөйдү"
От presskg -
"Алиби", 26.11.09 Тарифтердин тамыры кайда?
От presskg
категории