- Азыркы саясий абалга токтолсок, оппозиция бир нерсе күткөндөй тынчып турган маалы, мындан ары кырдаалга, саясий жагдайларга божомолуңуз кандай?
- Азыр радикалдуу оппозиция тынч, себеби пикет, митингге элди алып чыгуу кыйын болуп калды. Саясий илимди карап көрсөк, коомдо эл саясий өзгөрүүлөргө даяр болгондо алар өзү көтөрүлөт. Буга эң жөнөкөй мисал, 1905-жылы Ленин баштаган большевиктер аракет кылып, "падышаны жокко чыгарабыз" дегенде эл "падышабыз жакшы, биз ишенебиз" деп колдобой койгон. 1917-жылы февралдагы ыңкылапта да эл падышага каршы чыккан эмес, "падыша жакшы, өкмөт начар" деп. Ошон үчүн убактылуу өкмөт түзүлгөн. Бирок, октябрь айында эл "падышабыз жаман экен, эми түшүндүк" деп өздөрү көтөрүлгөн. Кыргызстанда дагы ошондой ахывал болуп атат. Мен "24-мартта революция жасадык" дегенде "бул революция эмес, төңкөрүш" деп күлгөм. Себеби революциянын негиздери жок эле. Революция болгондон кийин бийлик түп тамыры менен өзгөрмөк. Андан сырткары башка коомдук түзүлүш пайда болуп, жаңы жетекчилер келиши керек эле. 24-марттан тартып бийликке Акаевдин айланасында жүргөндөр келбедиби. Булар Акаевге таарынгандар. Менин таң калганым, көбү бүгүн Бакиевге кызмат кылып атат. Мен 2005-жылы 16-апрелде Бакиевге кирип, ошондо Акаевдин кадрларын бийликке алып атканда Кулов менен Бакиевге "Урматтуу президент, сиз бүгүн эски бийликтин өкүлдөрүн кызматка алып, убадаңарга турбай атасыңар" деп айтып, экөөнү таарынтып алган окшойм. Кулов орус пейил экен, унчуккан жок. Бакиев болсо ошондон бери кек сактап, эч кимге кулак салбайт. А жакшы падыша дайыма элди угат, бизге жеткен тарых боюнча чыгыш элдеринде падышалар жупуну кийинип алып базарларды, чайханаларды кыдырып, элди аралап, өзүнүн кол алдында иштеген кызматкерлери жөнүндөгү пикирлерди угуп, анан кимди жазалап, кимге алкыш айтуу керектигин билген. Бүгүнкү күндө бир эле эл эмес, гезит, телевидение аркылуу "Коррупционер, кылмышкер бийликте олтурат" деп айтылып атат. Ошого карабай эч кандай жыйынтык чыгарган жок. Бул президент элден алыстаганынын белгиси. Россияны алып карасак, декабристтердин көтөрүлүшү чыкканда падыша элди атып салган. Ошондо Ленин, Чернышевский жана башка демократтар "Булар элден өтө алыс болчу" деп жазып чыгышкан. Бүгүнкү күнү бийлик элден алыстап атат. Ошондуктан радикалдуу оппозиция унчукпай калды. Мүмкүн алар күзгө план даярдап аткандыр. Бирок конструктивдүү оппозиция өз пикирлерин айтып атат. Мына, "Эрк" партиясы канча сунуштарыбызды президентке бердик. Оппозиция деп бир эле саясатчыларды, партиянын жетекчилерин айтууга болбойт. Бүгүн эң көп нааразы болгон - бул эл. Ошондуктан бир күтүүсүз кырдаал болуп кетпес үчүн июлда саясий күчтөрдү топтоп туруп, партия болобу, бейөкмөт уюмбу же жеке коомдук ишкерби, айтор, баарын чогултуп, ММКны бириктирип, тегерек стол уюштуруп, Кыргызстанды кризистен чыгаруу жолдорун сүйлөшөлү деп атабыз. Мунун максаты - экинчи революцияны болтурбоо. Анткени жерибиз бир, мамлекетибиз бир. Сунуштарыбызды президентке почта аркылуу заказ менен "өз колуна тийсин" деп жөнөткөнбүз, бирок бир айдан бери жооп жок.
- Сунушуңар мамлекетти оңдоо жолу жөнүндөбү?
- Ооба, мына президент азыр мамлекетти менчиктештирип, монополдоштуруп алды. А Кыргызстандын экономика, саясат, маданият, адам укуктары чөйрөсүндө кырдаал оор. Буга президент кимди күнөөлөйт? Эч кимге айып койгонго акысы жок. Себеби Акүйдө президенттик тактыда өзү олтурат. Көкүйдөгү депутаттардын көпчүлүгү президент өзү түптөгөн "Ак жол" партиясынан, президенттин өз адамдары болсо кимге шылтайт? Келечек муундардын алдындагы жоопкерчиликтен коркуш керек эле. "Такка түбөлүк олтурам" десе жаңылышат, түбөлүк олтурган эч ким жок, акылдуу адам башка бирөөнүн катасынын негизинде үйрөнөт дейт. Мына Аскар Акаев түшпөс хан болгусу келген, он беш жылдан кийин артын карабай качканга аргасыз болду.
- Өлкө абалына тынчсызданып, тегерек стол уюштурабыз деп атасыздар, даярдыктар кандай?
- Эми биз уюштуралы десек президент кекчил экен. Капа болот да, бирөөнүн айтканын укпайт. Биз "сиз мамлекет жетекчисисиз, тегерек үстөлгө өзүңүз демилгечи болуп, уюштуруңуз, биз катышып берели" деген сунушту айттык. Эгер "жок, мен уюштурбайм" десе биз мойнубузга алабыз. Себеби Кыргызстаныбыз бир. Тарыхый жоопкерчиликти мойнубузга алышыбыз керек. Келечек муун "Бакиев ушинтип атканда эмнеге унчукпадыңар эле?" деп бизден сурайт. Ошондуктан бизде да жоопкерчилик чоң. Баш тартса биз уюштурабыз. Биз даярбыз. Мамлекет башчысы катары ал жооп бериш керек. "Кеңешип кескен бармак оорубайт" деген сымал биз кеңешибизди айттык.
- Экономика барган сайын начарлап баратат, кымбатчылык күч алды. Электр энергиясы тартыш, күздө абал өтө начарлайт деген божомолдор бар.
- Мен Акаев мезгилиндеги өкмөттүн токтомдорун, президенттин буйруктарын көтөрдүм. Ал дагы ушул жол менен келаткан, "пенсионерлердин акчасын он беш сомго көбөйттүк" деп. Анан электр энергиясынын бир киловаты 70 тыйынга көтөрүлсө, азыр кошкон 42 сому эмнеге жетет. Бул элди алдап атканы. Эң өкүнүчтүүсү, "электр энергиябызды экспортко чыгарабыз" деп айткан менен электрди өзүбүзгө жеткире албай атабыз. Кыргызстандын стратегиялык объекти-энергетика. Аны эч качан менчикке бериш керек эмес. Биз менчиктештирүүнү башынан туура эмес кылганбыз. Англия- капитализмдин баштоочусу, менчиктештирүүнү да ошолор баштаган. Бирок Англияны акылдуу адамдар жетектегендиктен эң негизги өнөр жай тармактары мамлекет колунда калган. Эгерде эртең мамлекет кризиске учураса, ушул өнөр жайыбызга таянып, балким, кыйынчылыктан чыгып кетет белек. А биз таяна турган бардык нерсени бүт сатып жибердик. Электр энергиясына Акаев мезгилинде уруксат берилбесе, Бакиев доорунда ЖК макулдугун берди. Эми бул да жеке менчикке өтөт. Мисалы Казакстанда эл жарык үчүн карыз болсо, мамлекет күтүп турчу эле, а менчикке өткөндөн кийин карызы болсо ошо замат өчүрүп салган.
- Демек эң маанилүү тармактарды менчикке бербеш керек экен да?
- Эң маанилүү объекттер - мамлекеттик стратегия. Мамлекет ар кандай кыйынчылыктарда ошо объекттерге таяна тургандай болгону дурус. Мына бүгүн мамлекет эмнеге таянат? Алтын Канаданын колунда, Өзбекстан Баткенден нефтини бербей атса, электр энергияны жеке менчикке сатып жибердик, башка объектилердин баарысы чет өлкөгө таратылды. Мамлекеттин таяна турган эч нерсеси калган жок. Ошондуктан бүгүнкү күнү Кыргызстанда рынок коому дейт. Рынок коому эмес, базар коому болуп атат. Илгертеден баштап кыргыздар, өзбектер, тажиктер, түркмөндөр базарда жашап келген. Азыр да базарда жашап калдык. Анан бизде жок нерселер башталды. Өз эмгегин сата албай, өз денесин сата баштады. Моссоветте же башка жерде турган сойку кыздарыбыз буга мисал. Мына, Жаш гвардия бульварында, Лев Толстой көчөсүндө эркектер өзүн сатып атат. Талаанын эмгегин кылып, кааласаң ажаатканаңды тазалап берет. Анан эң жаманы, аскерде солдаттарды, түрмөдө айыпкерлерди сатып баштады. "Акча берсең ала бер" деген кул базар башталды бизде. Чет өлкөдө кыргыздарды кул катары пайдаланышат. Канчасын куткарып келдик. Кыргыз бул улуу намыстуу эл да. Тарыхты карасак, дүйнөнү басып алган империялар, мисалы, Чынгызхандын империясы жок болду. Македонскийдин империясы кыйрады, ж.б. канчалаган империялар ойрон болду. Кичинекей кыргыз эли сакталып калды. Эмне үчүн? Бизде даанышмандык бар, намысыбыз күчтүү болгон. Азыр бийлик эч кимге кулак салбай, өз билгенин кылып атат. Даанышмандыкка жол жок. Намыстуу адамдар унутта калды. "Кыргызга душман керек эмес, кыргыз кыргызга душман" дегендей биз азыр артка кетип атабыз. Кудай сактасын. Эми бизге насыят айта турган Чыкебиз да кетип калды. Башка аксакалдарыбыз унчукпаган позицияга өтүп алышты. А кыргызда Манас бийлеп турганда да чындыкты сүйлөп, калыс сөзүн айткан Бакай аталар болгон. Кийинки мезгилге токтолсок, орустар жаңыдан келип атканда Токтогулдай акын агаларыбыз чындыкты ачык айтышчу эле. Азыр акындарыбыз андай эмес, күнүмдүк түйшүк менен гана алек. Карл Маркс айткандай, ар бир адам өзүнөн кул сезимди кууп чыгарыш керек. А биз болсо, тескерисинче, кул сезимди өзүбүзгө алып келип атабыз. Адамдардан сурасаң чындыкты айткандан коркуп, эмне болсо ошо болсун дегендей мамиле кылышат. Федр Достоевский "бул дүйнөнү жок кыла турган нерсе - бул кош көңүлдүк" деп айткан. Мына бүгүн кыргыз эли өлкөгө кош көңүл мамиле жасап жатат. Ага бийлик элди коркутуп, өзү жардам берип атат. Кыргыз минтип жашаганы туура эмес, биздин макал-лакаптар демократияны орноткон. "Баш кесмей бар, тил кесмей жок" деген. Ошондуктан ата-бабабыз бизге берген рухтан өз жаныбызды сактап калыш үчүн качып атабыз. Мен "мейли радикалдуу оппозиция, мейли башка оппозиция кошулбасын, бирок коомчулук, өзгөчө интеллигенция өз үнүн айтып турушу керек" деп үндөп кетээр элем. Болбосо эртең алар да жооп берип калат.
- Кыргызстандын борборун Ошко көчүрүү демилгеси көтөрүлүп чыкпады беле. Ушуга пикириңиз кандай?
- Бул демилгени 1993-жылы өлкөнүн коопсуздугу үчүн биринчи мен көтөргөм. Анда Түштүк Кыргызстандан чет өлкөгө мынча көп эл кеткен жок эле. Оштогу коркунучтуу окуялардан кийин көрдүк. Россиядан аскерлер, тергөөчүлөр келип, чыр-чатак салып, адилеттүүлүк болбоду. Оштогу окуялар кайталанбас үчүн ушундай ой болгон. Түштүктү бекемдесек Кыргызстанды сактап кала алабыз, Ошту жоготсок, жарым Кыргызстан бул өлкө боло албайт да. Мамлекеттин коопсуздугу үчүн көтөрүлгөн идея. Экинчиден, кыргыз тилин, кыргыз маданиятын сактоо демилгеси эле. Азыр көчөгө чыксаң, баары орусча сүйлөшөт. Мен парламентте жүргөндө орус мектепти бүтүрсөм да кыргызча сүйлөчүмүн. Адахан экөөбүз башка депутаттардын сунуштарын, мыйзамдарын кыргызчага которсок, Зайнидин Курманов жана башка депутаттар "Силер эмне бизге басымдуулук кыласыңар. Биз каалаган тилде сүйлөйбүз" деп нааразы болушкан. Бишкекте интеллигенция баштап орус тилинде сүйлөшөт. Ошто болсо кыргыз тилине басымдуулук жасалат. Мындан башка да он төрт себеп айткам. Ал эми азыр бул маселеге экинчи жагынан карасам туура эмес болчудай. Бирок бийлик бул маселени көтөрүп атат. Мына, президент шайлангандан бери үч жыл өтүп, айткан убадасына турбады, курулуш материалдар, азык-түлүк, мөмө-жемиш ж.б. баалары көтөрүлдү. Эл кыйналып калды. Анан кыргыздарда куру намыс күчтүү. Көбүнчө түштүккө барсаң "Каап, Бакиев биздин ишеничибизди актаган жок" деп айтышат. Бирок түндүктүктөр менен тирешкенде "Биринчи жолу бизден президент чыкса көралбай атасыңар" дейт. Куру намыс чындыктан да күчтүүлүк кылып калган. Ушундай куру намыстан кутулушубуз керек. Мына жакында Кыргызстан боюнча бардык жерде жарык жалп өчүрүлдү. Бирок президент баш болгон чоңдордун үйүндө жарык өчкөн жок. "Оору кадырын соо билбейт" дегендей президент өзүнүн үйүнөн баштап жарыкты өчүргөндө канчалык кыйынчылык болорун билмек. Ооруканалар операция жасай албай калдык деп безилдешсе, канчалаган ишканалар иштебей калды. Бийлик ушунун бирин сезген жок. "Революцияны фанаттар жасап, бийликке аферисттер келет" деген так бизде болду. Ошондуктан бийлик, мамлекет башчысы элдин көйгөйүн түшүнбөсө, Кыргызстан эч качан оңолбойт. Ушуну менен эл тынч калбайт. Чегине жеткенде көтөрүлөт. Мисалы 24-мартта эл көтөрүлгөн жок, депутаттыкка өтпөй калган саясатчылардын шайлоочулары көтөрүлдү. Эгер Бакиев сыяктуу бир канча адам депутат болгондо төңкөрүш болбойт эле. Эми жалпы эл көтөрүлүшү мүмкүн. Себеби азыр жалпы эл жабыркап атат.
- Бизде жарыкты өчүрүп, сууну үнөмдөп атабыз деп коюп, сууну Өзбекстанга сугатка берип атыптыр. Буга кандай карайсыз?
- Кыргызстан өзү бир чечимге келе албай, "Биз кичинекей мамлекетпиз, Кытайдын аскери көп, Казакстан-чоң өлкө, жерибизди беришибиз керек" деген коркок сезимден улам, бизди чет өлкөлүктөр бийлеп калды. Суу маселеси да ошондой. 2001- жылы "Кыргызстандагы суу ресурстарын эл аралык колдонуу боюнча" мыйзам кабыл алып, анда "сууну сатабыз" деп айтканбыз. Аскар Акаев парламентке келип "Урматтуу депутаттар, согуш чыгып кетпесин. Мен өзүм президенттер менен сүйлөшөм" деп туруп сүйлөшө алган эмес. А депутаттар мыйзамды кабыл алып койду. Ошо мыйзам аткарылбай атат да. Ал мыйзамга Өзбекстан, Казакстан президенттери капа болсо, эл аралык коомчулук колдогон. Жадакалса жакынкы тажиктерде суу сатылат экен. Алар да бизди колдогон. Коңшу өлкөдө кудай берген нефти, газды сатып атса, эмне үчүн биз кудай берген суубузду сата албайбыз. Суунун үстүндө олтуруп өзүбүз сууга жетпей атабыз. Бул эң уят нерсе да. Былтыр Чаткалга барсак, суу сайларда ашып толо келип атыптыр. Кыргызстандан ашып Өзбекстанга кетип атыптыр. А Ташкентке барсаң, ошо суунун жээгинде чайханаларды куруп, ар кандай нерселерди жасап пайдасын таап атат. Ата-бабаларыбыз сактап калган жерибизди башкаларга берип, суубузга ээ боло албай, менимче, ата- бабаларыбыздын арбактарын нааразы кылып атабыз. Кыргыздар бактысыз болуп калдык. Жүзүндө жылмаюу бар кыргыздарды көп кезиктире албайсың.
Асел СТАЛБЕК кызы,
Бурул МУСАБЕКОВА
Поиск
популярные посты
-
Агым", 29.01.16 "Кереметтердин" корифейлери Өжөрлүк менен кыялына жеткен оператор
От presskg -
"Учур", 30.01.14 "Үстү жактагылардын эскертүүсүнө карабай Каркыраны бергенге каршы болгом"
От presskg -
"Асман.kg", 28.01.10 Медведьевдей Бакиев катыша алабы?
От presskg -
"Учур", 30.01.14 "Бүгүн курсакты ойлогон кыргыздар көбөйдү"
От presskg -
"Алиби", 26.11.09 Тарифтердин тамыры кайда?
От presskg
категории