Апрель баатырлыгынан баш тартып, революция жасаган элдин максаты, тилеги орундалбай калганын ачык билдирип келе жаткан Кайып Шер агабыз редакцияга баш багып, аттын башындай арманын бөлүшүп кетти.
-Эр жүрөк кыргыздын уулу катары, анан революция жасап жүргөн жигитсиз, айта турган сөзүңүздү Украинадан баштаганыңыз эп болуп турат окшойт...
-Ооба, азыр украин туугандарыбыз жарандык позициясын билдирип, авторитаризмге бут койгон президентине каршы чыгып, тикесинен тик туруп жаткан маалы. Биз алардан сабак ала турган көп жакшы сапаттар бар экен, ошого баа беришибиз керек. Маселен, буга чейин мурдун көтөрүп, артын орустарга такаган президент Янукович элди койдой көрүп келген эле, "көчүгүнө" күч келгенде оппозиция лидерлери болгон Кличко менен Янчукту чакырып, бал тилге салып, бирине премьер-министрликти, экинчисине вицеликти сунуштады эле, эрдигин, баатырлыгын көрсөтүшүп баш тартышты. Бул биз үлгү аларлык иш. Элди сатпай, өз калкы менен бирге туруу чечимине келгени - бул эрдик. Өрнөк алчу жагдай. Эгер биздин лидер сөрөйлөргө премьерликти сунуштаса, көз ачып жумганча сатылып кетмек.
-Муну кандай себеп менен айтып жатасыз?
-Айтканым, бизде мындай кырдаалдар болбоду беле. Көрбөдүкпү. Кремлге чуркагандарычы, каз катар тизилип. Бул биздеги эл башкара турган эрендердин мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө албагандыгынын белгиси. Жеке кызыкчылык менен жашап келе жатышат. Элдики, мамлекеттики деген улуттук түшүнүккө жете албагандын көрсөткүчү. Мен маселен, 7-апрелде алданып калганыбызга абдан өкүнөм. Биз адилеттүүлүктү талап кылып чыктык эле да. Эң алды, Үзөңгү-Кууш, Каркыра дегендер кайтсын дегенбиз. Муну саткандар кыргыз эместер, калмактар. Ошолорду жазалашыбыз керек болчу. Себеби, Аксыдагы балдар да, 7-апрелде шейит кеткендер дагы эң негизи жер үчүн өмүрлөрүн кыйышты. Эки күн мурун Текебаев КТРден сүйлөп, "Каркыра менен Үзөңгү-Куушка добуш бергендерди биз жоопкерчиликке тарта албайбыз" деди. Күйүп кеттим. Ошол жерде өлбөгөн эле төрт шыйрагым калды. Анда биз неге революция кылдык? Бакиев кетип, азыркылар келсин деппи? Мен Текебаевди аябай сыйлачу элем. 7-апрелде дагы көтөрүп жүргөн туубузду Атамбаевге эмес, Текебаевге берген элек. Ушул киши принципиалдуу, эл башкарганга татыктуу
деп.
-Азыр да ошол ойдосузбу?
-Мени кечээки айтканы иренжитти. Жоопкерчиликке тарта албаса да, моралдык жактан коомго уяткарып, 20 жылга чейин мамлекеттик кызматка аралаша албай тургандай кылышы керек эле да. Башкасы жасабастыгын көрүп жатабыз, Өмүрбек Чиркешович мыйзам жазып, ушул кадамга барса болмок. Же бу кишинин да ал жерде илинчеги бар деген сөздөр чынбы? А бийлик болсо кыргыз жерине кыянаттык кылгандардан Өкмөт түзүп, Парламентти курап алды. Маселен, министр Темир Сариев, вице Тайырбек Сарпашев, фракция лидери Феликс Кулов, депутат Ташболот Балтабаев, элчи Дүйшөн Чотонов ж.б. Үзөңгү-Кууштун кытайга кетишине добуш берген адамдар. Эмне үчүн буларды тайраңдатат? Бул бизди аябай өкүндүрөт. Ушул Үзөңгү-Кууш менен Каркырага добуш бергендердин тууган-уругу, урук-тукуму мамлекетти ээлеп алганы үчүн оңолбой жатабыз.
-Ак үйгө күн сайын кирип-чыгып жүргөн адам катары айтсаңыз, бу Батукаев жана мародерлук маселелери тынчып калды го?
-Менин байкашымча, булар сүйлөшүп алгандай таасир жаралып жатат. Батукаевди сен көтөрбө, мен мародерлукту басам дегендей. Албетте, Батукаевдин бошошу өтө чоң маселе, аягы барып күнөөлүүлөр жооп бериши кажет, ал эми морадерлук чын-чынына келгенде жөн гана жалаа деп билем. 7-апрелде шайлоонун айынан, лидер талашуунун жыйынтыгында жасалган нерсе. Ошол учурда бири-бирине кызганып, түрдүү иштерди жасаганы чындык да. Банктан акчаны уурдагандай кылып, Сариев менен Бекназаровго көө жапты. Ачык айтышыбыз керек, бул топуксуздуктан, нысапсыздыктан келип чыкты. Өлгөн балдардын арбагын аттап, көрпенделиктен чыга албай, өз кызыкчылыгын алдыга койгондон ошондой иштер болду. Жыйынтыгын көрүп жатабыз, көрсө булардын колунан эч нерсе келбейт экен, кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүнө, бекемдигине шек келе тургандай жагдай жаралып жатат. Регионалдык маселесе курчуду. Буга кайдыгер болуп, үн катпай жатканыбыз туура болбойт. Кайсы бир неменин курсагын тойгузуу үчүн алакандай мамлекетибизди бүлүндүрүп, бөлүп-жарганга жол бербешибиз кажет.
-7-апрель окуясы боюнча соттук иш "Чубактын кунундай эле чубалат" окшоп калды. Неге 4 жылга аяк басса да бүтпөй турат?
-Баса белгилейин, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү элдин тилегин орундата албады. Биринчи эле күндөн тартып тетири бурулуп, апрелдеги окуяны моюндабай коюшкан. Мындай сапат кыргыз уулунун абийирине туура келбеген нерсе да. "Чакырыкты биз жасадык, элди атышын күткөн эмеспиз, өлгөн балдардын алдында моралдык жоопкерчилигибиз бар" дегенге жараган жок. Баардыгын Бакиевге түртүп, чыга беришти. Булардын логикасы менен кетсек, 7-апрель күнү эл өзү эле аянтка чыгып, кырылыптыр. Кыскасы, Апрель сотунун аягына чыкпай жатышынын себеби да ушунда деп ойлойм. Анткени, адамдарды бирөө атса, ал эмне үчүн атканы, а атылгандар кайсы себептен атылганы суралат да. А сурак бере тургандар бийликте жүрсө, иш аягына чыкмак беле?
-Биздин лидерлер жердешибиз Кличкодой боло албаганы эмнеден дейсиз?
-Кантсе да Кличко кыргыз жеринде туулуп, өскөн эмеспи, майтарылбастыгын көрсөтүп жатат. Кличконун бийиктиги эл менен бирге жүргөнү болуп жатат. Биздин лидерлер андай жерге кирмек турсун, жакын жолой албайт. Бүт дүйнө көрдү, газ менен атса да силкинип, эл менен турат. 7-апрелде биздин лидерлер түрмөдөн чыккандан кийин үй-үйлөрүнө кетип, "Мен 6 саат түрмөдө отуруп кирдеп кеттим, сасып кеттим" деп душка түшүптүр. Биз муну угуп, аябай капа болгонбуз. Ондогон балдар өлүп жаткан маалда жуунганы туурабы? Бул динге да, салтка да сыйбаган көрүнүш. Албетте, мунун кесепети өз башына эртеби, кечпи тийет.
-"Эл ичиндеги жарака бийлик Акаевдин кадрларын үйүп алганы үчүн болуп жатат" дегенге кошуласызбы?
-100 пайыз. Кызылдай акаевчилерди топтоп алганы үчүн эл нааразы да. Маселен, Сабаев деген Майрам Акаеваны кайтарган жигит азыр Атамбаевди кайтарып жүрөт. Акаевдин кадрларын тизмектесек толтура, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Фарит Ниязов, Абдил Сегизбаев, Алымбай Султанов ж.б. Мына ушундан түндүк-түштүк ажырымына өзү түрткү берип койду. Тегереги кызылдай акаевчилер. Кээ бирөө Икрам деп жөн эле асылып жатат. Ага мүмкүнчүлүк бербейт. Кадр маселесин Данияр Нарынбаев менен эле Тайырбек Сарпашев чечип жатат. Экинчи революция акаевчилердин реванш алышы менен бүтүп
калды.
-Чек ара көйгөйү боюнча эмнелерди кошумчалай аласыз?
-Чек араны дунган менен калмактар чечип келди, азыр да чечип жатат. Кетсе алакандай жер кетет деген ойдо келе жатышат. Дегеле кыргыздын башына чыныгы кыргыз келбей койду. Башка улуттарды биз кучагыбызды жайып тосуп алдык эле, качып-бозуп келген маалда. Бирок, айрымдары меймандостугубузду актаган жок. Эркиндик бекер келген эмес. Бул жерди сакташ үчүн ата-бабаларыбыз канын төгүп келген. 1916-жылы не деген кыргынга туш келдик. Элибиздин жарымын орустар кырып салганын кимден жашырабыз. Анан 1924-жылдан кийин оруска кошомат арткан адамдардын колу менен акылы зирек уулдарды кызылдай кырып, бир канчасын Сибир, Украинага сүргүнгө айдаган. Анан 1938-жылы элден кечирим сурап, Сибир менен Украинадагыларга азаттык берип, түптөлүп калган интеллигенцияны кайра аттырып, кырды. Айтарым, 38-жылдагы репрессияны эстээрден мурун, 24-жылдан 35-жылга чейин кырылган элди эскере жүрүшүбүз керек. 1916-жылдагы Үркүндү айтаардан мурун, Кокон хандыгын баскан кездеги түштүк кыргыздарын кырганды айта жүрүшүбүз абзел. Кыскасы, биз бузукунун тилине кирбешибиз керек.
-Кошуналар менен мамилебиз начарлап кетти окшойт го дейм...
-Биз учурда бир мамлекетке гана чөгөлөп, коңшулар менен душмандашып алдык. Өзбекстан менен чатакпыз, Казакстан менен мамилебиз оңолбой турат. Тажиктер менен мына атышканга чейин жетип, чек арабыз жабылып калды. Тажикстанда он миңдеген кыргыздарыбыз не болду, бийлик сурап да койгон жок. Эң жаманы Кытай мамлекети менен бийликтин мамилеси солгундай түшкөн окшойт. Мамлекеттик телеканалдан Жанышты жабыштырып, Кытайга көө жапты. Бул дипломатияда абдан чоң кемчилик. Элдин жек көрүүсүнө айланган адамды Кытай мамлекети колдогон катары көрсөтүп, элге жек көрсөткөнү түк акылга сыйбайт. Жаныш Бакиев боевиктерин топтоп жатат, Мырзакматовго миллиондогон каражатты берет деген нерсени мамлекеттик телеканалдан кайталатып, он бир уйгур келген экен, аны ит аткандай атып салды. Алардын колунда арканы анан бир макисинен башка куралы жок экен. Аларды жөн эле кармабайбы, колго түшүрүп. Мени деле алып барса кармап бермекмин, айланайын. Куралы жок немелерди атканын айтып мактанып, мамлекеттик сыйлыкка көрсөткөнүнө таң каласың. Кыргызда "алыскы туугандан жакынкы кошуна" дейт. Анан бир эле мамлекеттин айтканын аткарып, аэропортун да, чокусун да, Көлдөгү торпеда сынай турган жерди да, газын да, ГЭСин да баарын карматып, башкасы менен кырылышсак, пайда табабызбы? Баары түшүнөт, бул бийлигин сакташ үчүн жасалган жандалбас да. Мамлекеттин кызыкчылыгын жыйыштырып коюп, бир өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо, акыры түбү кыргынга алып барат.
-Бу Бакиевдер менен кимди коркутуп жатат, сиз түшүнө алдыңызбы?
-Булардын карманар нерсеси, жамынар жамынчысы калбай калды да. Батукаевди качырып же "Кумтөр" чечилбей, айтор былыктары чыкканда эле булар Бакиевдерди келиптир дейт? Жаныш Үрүмчүдө жүрөт деп жатпайбы, бокочо кылып көрсөтүп. Илгери короонун же айдоо аянтынын четине киши сөлөкөтүн коюп, каракчы жасап коюшчу эмес беле. Ошол сыңары бизди ууру катары санап, Бакиевдерди бизге бокочо кылып алышты. Айланайындар, Бакиевдерден ушул бийлик коркушу мүмкүн, эл коркпойт. Коркпогону үчүн кууп чыкты. Айтор, бизде элита алмашпайын оңолбостугубуз ачык болуп калды. Эгемендүүлүк алгандан бери түптөлгөн "каргалардын" бирин кетирсең, экинчиси кайра эле эскилерди үйүп алат экен. Буларды мите курт десек туура болот окшойт. Үй-бүлөлүк кланды жоготтук деп элди алдаганы менен, тууган-урук, жек-жааттык кланга элди кул кылып койду. Ак үй-көкүйдө жалаң депутат министрдин балдар-кыздары иштейт. Мурда иштеп келгендер азыр да иштеп жатат. Карапайым элдики жок. Биз ушуга каршы чыгышыбыз керек экен.
Шаакыргыз Кыдыршаев
Поиск
популярные посты
-
Агым", 29.01.16 "Кереметтердин" корифейлери Өжөрлүк менен кыялына жеткен оператор
От presskg -
"Учур", 30.01.14 "Үстү жактагылардын эскертүүсүнө карабай Каркыраны бергенге каршы болгом"
От presskg -
"Асман.kg", 28.01.10 Медведьевдей Бакиев катыша алабы?
От presskg -
"Учур", 30.01.14 "Бүгүн курсакты ойлогон кыргыздар көбөйдү"
От presskg -
"Алиби", 26.11.09 Тарифтердин тамыры кайда?
От presskg
категории