"Учур", 30.01.14 "Милиционерлер Мадылбековду начальник катары кабыл албай коюшкан"

Комментарии · 102 Просмотры

Конушбек Дөөлөталиев, "Апрель байрагы" коомдук бирикмесинин төрагасы:




Гезитибиздин өткөн чыгарылышында Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбековдун "Абдылда Юсупов каалаганын жасатып, Зарылбек Рысалиевди "пешка" кылып алыптыр" деген аталыштагы маеги чыккан эле. Буга "Апрель байрагы" коомунун активисттери нааразылык билдирип, каршы пикирин билдирүүгө белсенип келишиптир. ММКнын мыйзамына ылайык, экинчи тарапка да сөз бердик.

-Силердин мурунку саныңарга чыккан Туратбек Мадылбековдун маегин окуп, биз абдан кабатыр болдук. Атай кетсем, Зарылбек Рысалиевге жаман сөздөрдү жабыштырып, Апрель революциясында шейит кеткен жигиттерге катыштыгы бардыгын айтыптыр. Биз буга өтө кыжалат болгондуктан, революцияга активдүү катышкан, элдин алдында көкүрөгүн окко тосуп жүргөн жигиттер чогулуп, маекти талкуулап, анан мени жөнөттү, пикирибизди билдиргени келип отурабыз. Окуяны башынан айтсак, 2010-жылы 6-апрель күнү, Таласта революция башталганда, КСДПнын лидерлеринин бири Айбек Асыранкулов чалып, "Атамбаевдин үйүн курчап алды, жардамга келгиле" деди. Балдарды чогултуп, жөнөтүп, артынан бара жатсак, Совет менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде МАИ кызматкерлери бизди кармап, милиционерлер колубузду байлап, 12 баланы Свердлов РИИБине камап койду. Түнкү саат 12лерде РИИБдин начальниги Зарылбек Рысалиев келип, бизге чейин камалган балдарды кошо кое берип, "Эртеңкиге даярдангыла, аз болсоңор Бакиевдер силерди атат, кырып салат" деди.
-Өзү айттыбы ушинтип?
-Өзү айтты, муну бир топ офицерлер тастыктап берет. Анткени, ИИМде таза жигиттер толтура. Анын эртеси, 7-апрелде "Форумдун" алдына ШИИБдин жетекчиси Кыязов башында туруп, төрт РИИБдин балдарын алып келген. Чогулган элди таркатуу максатында милицияны айдактап, ызы-чууну чыгарган Кыязов болгон. Кийин тумшукка бирди жегенден кийин качып кеткенин билебиз. Ал эми Ленин менен Свердлов РИИБнин балдары Алмата көчөсүндөгү көпүрөнүн үстүндө турган. Алар аралашкан жок, балдары келтек жебеди. Анткени, эки РИИБдин жетекчиси, Капар Батырканов менен Зарылбек Рысалиев балдардын баары жүктөп, алып кетип калган. Ошол маалда Суталинов менен Темирбаев "Альфаны" алып келип, элди атып, чагымчылык жасап, элдин колуна курал тийип, Ак үйгө карай сүрүлдү. Андан аркысын эл билет. Айтайын дегеним, Зарылбек Рысалиевдин өлгөн балдарга эч бир тийиштиги, катыштыгы жок. Ким атканы боюнча тергөө жүрүп жатат, сот адилеттиги аныктайт.
-Качан?
-Тез болгону биз үчүн жакшы эле. Бирок, Ата-Бейитке барганда, атамекенчилер, Турат Мадылбековдор ыйлаган, күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз деп. Канакей? Алиге чейин сот бүтө элек. Силер айткан сөздөрдүн баарын жаздырып, күтүп жатабыз. Сот бүткөн күнү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө атайын бере турган суроолорубуз бар, жообу болбосо саясат Теңирден тескери кетип калышы ыктымал. Себеби, 7-апрель кечинде морадерлук болгонун баарыбыз билебиз. Ошол күнү биз кечинде баарыбыз чогулуп, Свордлов РИИБне келип, 500дөй болгонбуз. Зарылбек Рысалиев ошондо биз менен бирге болуп, ошол кишинин кабинетинде эң биринчи элдик кошуун түзүлгөн. Түнкү саат 12лерде Мадылбеков келип, "Мен ШИИБдин жетекчиси, министрдин милдетин аткаруучумун" деген. Анан милиционерлер Мадылбековду начальник катары кабыл албай коюшкан. Биз барып, түшүндүрүп, жаңы өкмөт түзүлдү, баш ийгиле деп жаттык. Бирок, ички нааразылык басылбады, коллектив баш ийбеди, 13-майга чейин аргасыз кармап, анан Атамбаев кызматтан кетирди. Мадылбековдун Зарылбекке карата ич күптүсү ушул жерден жаралган. Анткени, мунун ордуна Рысалиев келген эле.
-Анан...
-Биз жер басып алууларда, морадерлук болду, ошолордун баарына барып, тополоңдорду басып жүрдүк, Мадылбеков бирине да барган эмес. Келген күндө да Мадылбековду жигиттер укпайт эле, сыйлабайт эле. Азыр да сыйлабайт. Эч кимге жамандык каалагыбыз келбейт, бирок баласы "морадерлук" менен отурат. Бул жакта шейит кеткендерди бир кишиге жүктөп, арбакты козгобой, өзүнүн морадерлук маселесин чечип албайбы? Биз канча ирет кайрылдык, морадерлукту илээштирбей, сотко жеткирип, актанып алгыла деп. Булар жанталашып, сотко жеткирбей, тергөөдөн кыскарттырып жатат. Демек, булар сотко жеткиртпей, жаналакетке түшкөнүндө бир мандем бар. Жалпы эл ушинтип ойлоп жатат. А Зарылбектин шейит кеткен балдар боюнча илинчеги болгондо айтылмак буга чейин. Азыр жөн гана асылып жатат булар. Анткени, морадерлукту жалгыз гана Рысалиев казып, коркпой иштеди. Мына ушул сапаты мактоого татыктуу. Революциялык толкунду токтотуп, Барктабасовдун мизин кайтарып, жүгөрүнүн арасынан кармап келгеничи. Бакиевдердин маалында дагы Зарылбек таза иштегени үчүн эч кимиси "мышыгын пыш" дей алган эмес. Айтор, бул жигит накта кыргыздын чыгааны. Биз бул адамды көрүнгөнгө кактырып-соктура бербейбиз.

Памир Манас

Комментарии