"Учур", 30.01.14 "Үстү жактагылардын эскертүүсүнө карабай Каркыраны бергенге каршы болгом"

Комментарии · 131 Просмотры

Динара МОЛДОШЕВА, экс-депутат:


"Ак Жол" партиясынын активдүү депутаты болуп жүргөн Динара Молдошева Бабанов Өкмөттө турганда Жогорку Кеңеште ол




-Динара Автандиловна, саясаттан алыстап калганыңыздын себеби эмнеде?
-2012-жылдын сентябрь айында премьер-министр Өмүрбек Бабанов кызматтан кеткенден кийин жаңы Өкмөт башчы келип, бир топ жакшы иштеген жаштарды да кызматтан алган. Мен болбосом дагы башка жакшы иштеп жаткан балдарды калтырса болмок. Кеткенден бери кыздарым менен үйдө олтурам. 2013-жылдын октябрь айында 2 кыздан кийин уулдуу болдук. Азыр декреттик эс алуудамын. Андан сырткары, Дипломатиялык академияны аяктоо алдында турам. Азыр мамлекеттик экзамендерди тапшырып жүрөм. Бир саясатчынын, "Эгер саясат менен алектенбесең, саясат сени менен алектенет" деп айтканы бар. Андыктан, элдин, мага ишенген шайлоочуларымдын кызыкчылыгын коргоп, алдыда дагы саясатта болом деген пландарым бар.
-Бабановдун командасына кандайча кошулуп калдыңыз эле?
-2010-жылы революциядан кийин "Ак Жолдун" бир топ депутаттары официалдуу түрдө партиядан чыгып кеткенбиз. "Ак Жолду" жамандай албайм. Себеби, "Ак Жол" партиясы өзүнүн убагында жакшы иштерди деле жасаган, эми албетте, кемчиликтери дагы болгон. Миңдеген карапайым адамдар, жөнөкөй мугалимдер, врачтар, фермерлер "Ак Жолдун" мүчөлөрү эле. "Ак Жол" бир топ жумуштарды жасачу, ошондуктан партияга эл ишенчү. Мен деле жаштар канатына кирип, эки жарым жыл Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштедим. Бул аралыкта бир топ мыйзам долбоорлорун чыгарып, округдарга барып элге жардам берчүбүз. Бирок, ошол эле учурда албетте, бизди башкарып турган адамдарда, өзүбүздө кемчиликтер бар болчу. Акыркысы бул, электр энергияга жана уюлдук байланышка тарифтерди көтөрүү болду.
"Ак Жолдон" чыккандан кийин бир топ башка партиялардан чакыруулар түшкөн. Бирок, эмнегедир ошол мезгилде жаңыдан түзүлүп жаткан, дээрлик жаштардан турган "Республика" партиясынын чакыруусун кабыл алдым. Себеби, конструктивдүү, жакшы сунуштары бар экен. Парламенттик шайлоодо башкы юрист катары иштеп бергем. Андан соң партиянын программасы, идеологиясы жагып, азыркы учурда аталган партиянын мүчөсүмүн. Ошол аркылуу Бабановдун командасына кирип, Монополияга каршы комитетинин директорунун орун басары катары бир жылдай иштедим. Андан кийин Бабанов премьер-министр болуп Өкмөткө барганда 10 ай Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү болдум.
-"7-апрелден кийин ак жолчулардын кайра бийликке келгенине моралдык укугу жок" дегендерге комментарийиңиз?
-Бул пикирге кошулбайм. Кыргызстан-кичинекей өлкө. Өзүбүз болгону 5 миллионбуз. Анын ичинде 1 миллиондою Россияда, жарым миллиондою Казакстанда жүрөт. Калгандары кыргыздардан сырткары орустар, өзбектер жана башкалар. Мисалы, акаевчилер, бакиевчилер келбесин, бул бийлик алмашканда, атамбаевчилер келбесин деген туура эмес. Эгерде, элиме чындап иштеп берем деген адам болсо, ал Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин жана андан кийинки президенттердин тушунда да иштей берет. Эң негизгиси, бийликтин айтканын эле жасай бербестен, өзүнүн да принциптери болушу керек. Мисалы, азыркы президентибиз өз убагында "Көпүрө болом" деп, Бакиевдин мезгилинде деле премьер-министр болуп иштеп берген. Роза Отунбаева Тышкы иштер министри болчу. Ошондуктан кайсы бир Президенттин учурунда иштегени үчүн кийинкиде иштебесин деген туура эмес. Профессионал, патриот адам ар дайым иштөөсү шарт.
-Ак жолчулардын көбү үстү жактагылар эмне десе, кыңк этпей аткарчу эмес беле, принцибиңизге туура келбеген мыйзам долбооруна, шефтер айтканы үчүн добуш берген учуруңуз болду беле?
-Ак жолчулардын баары эле шефтердин оозунан чыкканын жасачу деген ойго кошулбайм. "Ак Жол" абдан чоң партия, миңдеген мүчөлөрү болгон, анын ичинде 72си Жогорку Кеңешке келишкен. 72 кишинин кээ бири 3-4 чакырылыштан бери депутат болгон тажрыйбалуулары болсо, тилекке каршы, сүйлөбөгөн депутаттар да бар болчу, бирок ошол эле учурда активдүү, өзүнүн позициясын ачык айтып, элдин кызыкчылыгын коргогон эл өкүлдөрү да жок эмес эле. Мен жаш болсом дагы өзүмдүн идеямды, принциптеримди коргой алчумун. Каркыраны берип жатканда, мыйзам ратификациядан эл аралык келишим менен өткөндө, ошол эле учурда Таластын Көк-Сай деген жерин Казакстанга берип, алардан Чүй жагынан башка жерин алып жатканбыз. Добуш берүү алдында Таласка барып, шайлоочуларымдын пикирин укканымда, "Жок, бул биздин жер, суулуу жер, бере албайбыз" дешкенинен, "Анда мен силердин оюңарды коргойм" деп убадамды бергем. Добуш берүү алдында "Каркыра менен Көк-Сайдын жерин бере албайм" деп, макулдугумду берген жокмун. А бирок, үстү жактагылардан, "Колдогула!" деп катуу эскертүү берилген. "Казактар менен мамилебизди бузуп албайлы. Бул азыр ратификация болуп жатат, ал жактан да ратификациядан өтөт. Алардан да жер алып жатабыз" деген түшүндүрмөлөр айтылган. Бирок, мен "Эл мага ишенип жатат, аларга сөзүмдү берип койдум" эле дедим. Мага окшоп, бизден 11 депутат макулдугун берген жок. Партиялык жол менен шайланган 4-чакырылыштагы Парламент болду. Партия менен келген депутаттар сөзсүз фракциянын линиясын коргоп, партиядан чыкпаш керек, эгерде партиянын сөзүнөн чыгып кетсе, партия мандатын чакыртып алууга укугу бар болчу. Ошондуктан ал учурда партиянын сөзүнөн чыга алышчу эмес. А азыркы Конституцияда норма бар, бир гана депутат
өзү "Фракциядан чыгам" деген арыз жазса, ошол учурда гана чакыртып алат. А партия канчалык аны урушпасын, мандатын алып кое албайт. Азыркы депутаттар партиялык жол менен келишсе дагы, эркин, укугу көбүрөөк.
-"Бизге парламенттик система жарашпайт экен, президенттик башкарууга кайтып келишибиз керек" дегендерге кошуласызбы?
-Азыркы системабыз толук парламенттик башкаруу эмес. Парламенттик-президенттик система. Анткени, парламенттик өлкөлөрдө президентти парламент шайлайт. Эгер, бизде да ошондой болсо, толук парламенттик өлкө болмокпуз. Мурда президенттик-парламенттик система болуп, министрлерди президент дайындаса, азыр орун алмашып калды. Партиялар утуп алып, Жогорку Кеңешке келишет дагы Өкмөттү шайлайт. Бирок, бул системанын учурда Кыргызстанда иштеп жаткан механизминде кемчиликтер көп болуп жатат. Анткени, бизде партиялык база абдан алсыз.
-Бала чагыңызда эле саясатка баргыңыз келгенби?
-Чоң атам КРнын Эмгек сиңирген врачы болчу, ошондуктанбы, атам менин врач болуумду каалачу. Мен 10-класска чейин врач болом деп ойлоп, химия менен биологияны абдан жакшы окучумун. Атам кесиби боюнча химик-биолог. Бирок, апам тарыхчы болгондуктан, гуманитардык сабактарга да кызыкчумун. Кийин медицинада кан менен иштешүүгө туура келгендиктен, жакпай баштаган. Мектепти алтын медаль менен аяктагам. Ошол учурда Аскар Акаев президент эле. Республика боюнча 160 медалисттин катышуусу менен Ысык-Көлдө форум өткөн. Ал жерге ошол кездеги БГУнун ректору Болжурова Ишенгүл Садыковна да келген. Ал кишини абдан сыйлайм. Ошентип, Бишкек Гуманитардык университетинин саясат таануу факультетине автоматтык түрдө экзаменсиз кабыл алынгам. Окууну аяктагандан кийин 4 жыл БШКда иштедим. Андан кийин "Ак Жол" жаңы түзүлүп жатканда, "Жаңы партия түзүлүп жатат, жаштар канатына кирип иштеп бербейсиңби?" деген чакыруу болду.
-Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
-Атам Таластан, апам Нарындын кызы. Апам Бишкектен КМУУну, атам Оштон ОшМУну аяктап, Айдаркенде иштеп калышып, ошол жактан таанышып, үйлөнүшкөн. Мен жана үч сиңдим тең ошол жерден төрөлүп, мектепти да Айдаркенден бүткөнбүз. Айдаркен ата журтубуз болбосо дагы, экинчи кичи мекенибиз болуп калды. Анткени, биз ошол жерде жарык дүйнөгө келдик, абасы менен дем алдык, суусун ичип чоңойдук дегендей. Билим алдык. Ал жерде билим абдан күчтүү болчу.
-Жолдошуңуз жумушуңузду түшүнүп, сизди колдоп турабы?
-Жумушумду абдан жакшы түшүнөт. Ортобузда бири-бирибизге болгон ишеним абдан бекем. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө эле мен коомдук иш-чараларга активдүү катышчумун. Өзүмдүн күчүм менен ар кандай конференцияларга катышам деп Россияга, Барнаулга баргам. Гендердик саясат боюнча Санкт-Петербургга, Крымда болгом. Мирбек мунун баарын көрүп, бул баары бир саясатка барат, коомчулук менен иштейт деп ошондо эле түшүнчү. Ошондуктан дайым мени колдоп турат. Эгерде үй-бүлөм мени колдобосо, анда мынчалык ийгиликке жетишмек эмесмин. Ошондой эле ата-энеме да чоң рахматымды айтам. Анткени, жумушка кеткенде, балдарымды багып беришет. Түштөнүү учурда шашылып үйгө келип, кызымды эмизип кеткен күндөрүм далай болгон. Кудай буюрса уулумду жакшылап чоңойтуп алсам, кайрадан жумушка чыгып калам.

Адинай МАРИПОВА

Комментарии