-"Улутманыңыз" менен улутту дарылап келе жатасыз. Улутту сүйүү кандай зарылчылыктан пайда болгон?
-Улуттук ар-намыс эгер жок болсо, бир күнү ойгонот. А бар болсо, күчөйт.. Кичинемде улут жөнүндө түшүнүгүм жок эле чоңойдум. 60-жылдары Байдылда Сарногоевдин "Ак калпак" деген китеби чыгып калды. Ушул китеп борбордук комитетте абдан сынга алынып "улутчул" деп тепки жеди дегенди угуп калдым. Ошол тепкиден соң, Байдыке "…Улутчул дешээр билбеген, улутун кимдер сүйбөгөн. Кыргыз деп келгем дүйнөгө, мен кыргыз деп өтөм дүйнөдөн!" деп жазды. Ушул киши улуттук аң-сезимди көтөрүүдө зор роль ойноду. Расул Гамзатовдун "Менин Дагестаным" чыгармасына таасирлендим. Ошондо тарых факультетине которулуп окугум келген. Бизге кыргыз тарыхын окутчу эмес да. 71-жылдары КПСС бир токтом токуду "Ала-Тоо", "Ата Мекен", "кыргыз жерим", "ак калпак" деген сыяктуу 50-60 чакты сөздөр колдонулбасын, "Мекеним" дегенди "Родинам" деп жазгыла деген шовинизмин күчөткөндөн тарта менде улутчулдук башталды. Институтта бир орус "кандидат наук" мугалимим бизди "баран" дегенде, мен ага "свинья" деп жооп кайтарып, ал чатак жылдан жылга уланып, айтор, жанагы улутчулдук сезимиме "дүрт" эткен жалын болгон. Кыргызды жалкоо, ыкшоо, караңгы деп басынтып келишти. Эгер ал чындык болгондо бу эл небак жоголмок. Тескерисинче, кыргыз улуу, ыйык, сапаттуу эл. Кыргыздын Манасын, комуз күүсүн, салтын, жашаган бейиштей жерин карагылачы?! Ушунча дөөлөттөрү турганда кыргыз эч кимдин алдына моюн сунбайт. Көчмөн кыргыз аалам кезген бүркүттөй эркин эл. "Улутман" деген сөздү
Кыялбек Урмамбетов ойлоп тапкан.
-"Улутман" берүүсүнө ар темада, ар тармактын адамдары ойлорун ортого салышат. Теле берүүдө сиз тараптан берилген суроолор бизди кызыктырат. Алдын ала даярдансаңыз керек...
-Жок, алдын ала суроолор даярдалбайт. Болгону талкуу коюла турган тема боюнча түшүнүк кенен болушу керек. Келе турган адамдар кандай жооп берээрин мен билбейм да. Ошондуктан суроолор, сүйлөшүп жаткан учурда жаралат.
-Адам бир нерсени толук билиши керекпи же көп нерсени үстүртөн билүүсү шартпы?
-Адам бир нерсени толук билүүсү керек. Ал эми коомдун адамдары ар тармакты үстүртөн билиши дагы абдан зарыл. Мисалы, чет жакка чыгып калган учурда, сенден өз өлкөң тууралуу ар тармакта сураган болсо, анда сен маалымат билишиң керек. Ошондуктан, баардык нерсеге аракет кылуу зарыл.
-Жазмакерлигиңиз качан пайда болгон?
-Жазмакерлигим мектепте окуп жүргөндө эле пайда болгон десем болот. Жайлоодон сабакты көздөй бет алабыз. Эсимде, 6- классымдан баштаган болсом керек. Таластын жергиликтүү гезиттерине чакан макалаларым жарыяланып, мага гонарар жөнөтүлчү. Ал акчага болсо, коңшу классташ балдар болуп пряник алып, жайлоону көздөй үйлөрүбүзгө жөнөчүбүз. Чоң суу бар эле, баягы сатып алган прянигибизди сууга малып алып, суудан ичип коюп, айтор, үйгө жетчүбүз.
-Чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар жаңы тааныштарды көбүрөөк күтүүгө, алар менен мамиле түзүп, бат тил табышууга дилгир келет го, ушул нерсенин терс жактары барбы?..
-Тез камыр-жумур болуп кете алган жан эмесмин. Жаш кезимде кишинин көзүн эле тиктеп отурчумун. Япондордун адамдын баш түзүлүшүн изилдеген жакшы илими бар. Аны үйрөнгөн адам төбөңдөн тарта ээкке чейин карап эле сенин ким экениңди аныктап коет. Шахмат ойнойм. Шахмат ойногон каршылашымдын кулк мүнөзүн анын ойноо ыкмасынан улам билип алам. Берешенби, зымбы, куубу, арамзабы, шахмат аябай ачып берет. Андан соң, ал киши менен мамиле кылууга болор болбосуна чечим чыгарасың. Ушул сыяктуу эки-үч куралың болгону оң. Адамдын маалымат куралы - көзү. Сүйлөшпөй эле тиктешип туруп түшүнүп алсаң
болот.
-Колдоруңуз аккордеондон башка да эмнеге жөндөмдүү?
-Чоң деле устачылыгым жок. Машиненин жеңил тетиктерин оңдойм. Үйдө сантехникалык иштердин майда-баратын жасайм. Кийинки кезде мага багбан болуу абдан жагып жүрөт. Кыргыз эли илгертен табият менен жуурулушуп аны тирүү жандай кабылдап келген да. Жаратылыш менен чыгармачыл жандын жан дүйнөсү аралашса, жакшы бир маанай түзүлөт деген ойдомун. Шаардын четинен 10-15 сотых жери бар үй алып кетип калсам деген кыялым бар. Ал ишке ашабы-ашпайбы билбейм…
-Кайрык обон, ыр касиети менен ийгиликти багындырдыңыз. Ошону менен бирге түйшүк суусун далай эле кечкендирсиз...
-Чыгармачылыктын түйшүгү - жагымдуу түйшүк. Жаңы нерсенин жаралып жаткан мүнөттөрүн сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Кайрыктарды кармап, кармай албай качырып… өзүнчө эле туманда каласың. Көздөгөн кайрыкты табарыңа канчалык ишенип турсаң да табалбай аябай кыйналасың. Ошентип зор кыйналуу менен таап, мына-мына нотага түшүрөрдө бирөө жарым чочутуп же маанай чөгөргөн сөз айтса, бүттү… кайран кайрыктар кетет. Эки-үч ирээт менде ушундай жагдай болгон. Мындайды анык "күйдүргү" десек жарашат.
-Саясый элита чөйрөсүнө неге ыктабадыңыз?
-Элита чөйрөсү мени тартпайт. Бири-бирин аңдыган-өтө куулардын чөйрөсү. А эл таза, баарын бетке айтат. Чыгармачылыкка саясаттын алы жетпейт…
-"Жыйырманчы жазыңызда" азыркы жаш ырчы жигиттердей болуп кыздардын курчоосунда калдыңыз беле?
-Өнөр адамы популярдуулукка илешип калса, ал мүмкүнчүлүгүн кыянатчылык менен пайдаланбашы керек. Кыздар биринчи өнөрдү сүйөт, талантка азгырылат. Өнөргө ууланып турган кыз бала ошол мезгилде өнөрпоздун ким экенин билбей сүйө берет. Бул өтүп кете турган нерсе. Бул тууралуу мага убагында агам Аман менен Турар Кожомбердиев айткан. Алардын кеңешинин үзүрүн көрдүм. Экинчи жагы, күйөрманы көп болуп, кат алышып турган дагы жакшы. Чыгармачылыкка дем берет. Негизи, тепкичте чыгып бараткан адам кайра түшөрүн эске түйсө эле жаңылбайт.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы
Поиск
популярные посты
-
Агым", 29.01.16 "Кереметтердин" корифейлери Өжөрлүк менен кыялына жеткен оператор
От presskg -
"Учур", 30.01.14 "Үстү жактагылардын эскертүүсүнө карабай Каркыраны бергенге каршы болгом"
От presskg -
"Асман.kg", 28.01.10 Медведьевдей Бакиев катыша алабы?
От presskg -
"Учур", 30.01.14 "Бүгүн курсакты ойлогон кыргыздар көбөйдү"
От presskg -
"Алиби", 26.11.09 Тарифтердин тамыры кайда?
От presskg
категории