"Асман.kg", 28.01.10 "Журттун элитасына кирген парламенттин өкүлү кантип ушинтип сүйлөсүн"

Комментарии · 76 Просмотры

Садык Шер-Нияз, "Айтыш" фондунун жетекчиси:

Президент Курманбек Салиевич жана маданият агенттигинин директору Султан Акимович тарабынан жакшы демилге көтөрүлүп, кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан баалуулуктарын көтөрүү максатында 2010-жыл "Мурас" жылы деп жарыяланды. Бул долбоор канчалык деңгээлде ишке ашат деп ойлойсуз? Себеби, бизде көбүнчө сөз жүзүндө гана айтылып калат эмеспи...
Чындыгында акыркы жылдары бабалардан калган мурастарыбызга жеткиликтүү деңгээлде көңүл бурулбай калган эле. Ошонун кесепетинен кыргыз рухунун туу чокусу болгон "Манас" эпосу Кытай Эл Республикасы тарабынан ЮНЕСКОго катталып отурат. Улуттук баалуулуктарга көз салып, көңүл бөлүү, барктоо максатында быйылкы жылдын "Мурас" жылы деп жарыяланышы жакшы жөрөлгө болду. Президентибиз Курманбек Салиевчтин демилгеси менен көтөрүлгөн долбоорду толугу менен колдоп, мамлекетти эле карап отура бербестен коомдук уюмдар, чыгармачыл топтор руханий дөөлөттөрүбүздү өстүрүү багытында иш-аракеттерди жүргү-зүп, мамлекетке, маданият агенттигине жардам көрсөтүшү зарыл. Улуттук баалуулуктарга кайрадан саресеп салууга убакыт келип жетти. Мурас жылында улуттук, руханий баалуулулуктарга багытталган көптөгөн долбоорлорду иш жүзүнө ашырып, маданиятыбызды көтөрүү үчүн баарыбыз жапа тырмак ишке киришип, улуттун улуулугун сактоо аракеттин катуу көрүшүбүз керек.
Улуттук баалуулуктарды сактоо үчүн алгач биз кайсы баалуулуктарга басым жасашыбыз керек?
Өнөр адамдарын көтөрүүдөн, барктоодон башташыбыз керек. Руханий баалуулуктарды элге тааныткан бул өнөр адамдары. Кыргыз эли башка элдерге салыштырмалуу аз сандагы улут. Биз өзүбүздүн улуулугубузду маданияттыбыз аркылуу гана көрсөтө алабыз. Ошондуктан, улуттук баалулуктарды сактоо үчүн алгач маданият тармагын көтөрүп, өстүрүшүбүз абзел. Акыркы жылдардары улуттук баалуулуктардын унутулуп бара жаткандагынын себеби дагы биздин маданиятыбыздын аксап калгандыгында. Чынында, кайдыгерликтин кесепетиненби, өткөөл мезгилде жашап жаткандыктанбы же коомдо патриоттук сезим жоголуп, улуттук иделогиянын солгундап кеткенинен уламбы айтор, бүгүнкү күндө биз кайсы бир маданий багытты албайлы ооз көптүрүп, мактана сүйлөй албайбыз. Маданий багытты алып жүргөн, атын чыгарган азыркы замандын Аалы Токомбаеви, Таттыбүбүсү, Сүймөнкулу, Алыкулу жок болуп жатат. Бул эл ичинде таланттардын жоктугунан эмес, өнөрлүү жаштарыбызды барктай, баалай, көкөлөтө өстүрө албай, таптай албай жаткандыгыбыздан. Эч качан эл таланттуу адамдардан куру болбойт. Чыгармачыл, таланттуу жаштарыбыздан кыргыз элинин уучу куру эмес. Ошондуктан, биз өнөр адамдарын өстүрсөк, маданиятыбыз өзүнөн-өзү алга жылып, улуттук, руханий баалуулуктарыбыз унутулбайт.
"Мурас" жылында кыргыздын сегиз объектисин киргизүү менен эле улуулардан калган улуттук баалуулуктарды, каада-салтты, эл-жерди сактап калууга болобу?
Кыргыздын тарыхый жерлерин киргизүү менен эле улуттук мурастарды сактап калабыз деген ойдон алысмын. Жогорудагы тарыхый жерлерди унутта калтырууга да болбойт. Бул "Мурас" жылындагы алгачкы кадамдар. Улуттун улуулугун, руханий дөөлөттөрдү сактоо, өркүндөтүү үчүн коомдук уюмдар, мамлекет башчылары, жарандар өз көз караштарын, сунуштарын айтып, улуу мурастарыбызды өнүктүрүүгө өз салымдарын кошушу зарыл. Улуттун улуулугун барктоо, сактоо бир эле адамдын колундагы иш эмес.
Кыргыздын бирден- бир сыймыктанаар улуу байлыгы болгон "Манасты" жоготуп алуу коркунучунда турабыз. "Айтыш" коомдук фонду дагы мындай оор мезгилде четте калбай башка фонддор, уюмдар менен бирге кыргыздын баалуулуктарын сактоо, "Манас" эпосун кайрып алуу багыттарында иш-аракеттерди жүргүзүп, колдон келген салымыбызды кошуудабыз.
"Манас-мурас" коомдук фонду тарабынан Ала-Тоо аянтын "Манас" аянты деп атоо сунуштары түшүүдө. Көөдөнүбүз руханий асыл баалуулуктардан куру болсо, Ала-Тоону "Манас" аянты деп атасак эле "Манасты" коргоп калган болобузбу?
Бул ойлор дагы "Манасты" аздектөөнүн негизинде чыгып жаткан болсо керек. Менимче, Ала-Тоо дагы "Манас" сыяктуу эле кыргыз элинин сыймыгы. "Манас" кыргыздын рухунун туу чокусу болсо, Ала-Тоо мекени. Ошондуктан, биринчи ат алмаштыруудан канчалык майнап чыгаарын эске алсак. "Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт" дегендей көкүрөгүбүз руханий баалуулуктардан куру болуп туруп, жерлерге "Манастын" атын берүү менен "Манас" эпосун коргоп, өркүндөтүп жибере албайбыз.
Техника-технология өнүккөн учурда биз эски көз караш менен жашап жаткандайбыз. "Манастын" сайтын ачып, электрондук калыпка салып койсок чоң жетишкендик кылмакпыз. Биз бүгүн көп нерсеге жетишмекпиз. Албетте, китеп чыгаруу жаатында көп иштерди жасап жатабыз. Тилекке каршы учурдун балдары том -том китепттерди окушпайт. Ар бир нерсе замандын талабына ылайыкталышы керек.
Акыркы маалыматтарга таянсак "Манас" эпосун Кыргыз, Кытай элинин атынан киргизүү сунуштары айтылууда. Буга сиздин көз карашыңыз?
Биз руханий баалуулуктарыбызды сактоодо шалаакылык кылдык. "Манастын" Кытай Эл Республикасынын атынан киргизилиши осол иш болду. Кыргыз элине таандык болгон эпостун Кытай Эл республикасынын атынан каттоонун зарылчылгы жок. "Манас" ЮНЕСКОго Кыргыз республикасынын атынан гана катталышы абзел эле. Катталганда да КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ЭПОСУ "МАНАС" деп катталышы зарыл.
Кыргыздын көрүнүктүү тарыхчылары, коомдук ишмерлери президентке "Манасты" кайтарып бериңиз деп кайрылууда. "Манас" кыргыздыкы экендигин далилдөө бийлик башчыларынын колундабы?
Мамлекет тарабынан учурда "Манас" эпосун кайрып алуу туурасында иш чаралар жогорку деңгээлде жүрүп жатат. Маданият агенттигинин жектекечиси Султан Акимовичтин жетекчилиги астында "Манас" тууралуу даректүү фильм тартылганы турат. Мындан сырткары далилдүү документтерди топтоо иш аракети көрүлүп жатат. Муну мамлекет көз жаздымында калтырбайт деген ойдомун. Качан гана "Манас "Кыргыз элинин эпосу" деп ЮНЕСКО тарабынан катталмайын мындай иш-аракеттер улана берээрине ишенимим чоң.
Дүйнөдө теңдеши жок, кыргыздын сыймыгы болгон "Манас" эпосунун ЮНЕСКОго Кытай Эл Республикасы тарабынан киргизилиши кыргызстандык кыргыздар менен кытайлык кыргыздарды бөлүп-жаруу саясаты дегенге кошуласызбы?
Кытайлар улуу дипломатияны көздөгөн улуу держава. Ошондуктан, эки элдин ортосун бөлүп -жаруу максаты менен "Манасты" өз энчилерине каттаты деген ойго кошулбайм. Бул нерсени саясатташтыра бериштин кажети жок. Кытай Эл Республикасы тарабынан "Манас" ЮНЕСКОго катталып жатканда кытайлык кыргыз боордоштор бир тууган катары кабарлап койсо болмок. Ошондо бул маселе чатагы жок эле убагында чечилип калмак. "Манас" эпосунун кытайлар тарабынан ЮНЕСКОго катталганын Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу өкүлчүлүгү кабардар болбой калганы мага азыркыга чейин табышмак.
Кытай Эл Республикасы "Манас" эпосун кандай фактылардын негизинде өздөрүнүн энчисине каттата алышты?
Кытайдын аймагында биздин боордоштор жашап жатканы белгилүү эмеспи. Манас бул улуу -феномен. "Манас" эпосу кандай гана элге болбосун сыймык алып келет. Ошондуктан, кытай эли оперативдүү түрдө бул маселеге киришип, өз энчилерине киргизип алууга жетишишти. Бул кытай өлкөсү үчүн чоң сыймык болду. Себеби, мындай улуу эпосту улуу эл гана жарата алат. Биздин шалаакылыгыбызды, руханий байлыктарды сактай албашыбызды далилдеп койду. Жогорудагы көрүнүш биз үчүн чоң коңгуроо болушу керек. Тарыхка, улуттук баалуулуктарга кылдат мамиле жасашыбыз керек экендигин түшүнүүгө мезгилдин келгендигин айгинеледи.
31-августта ЮНЕСКО чечимди өзгөртпөсө "Манас" Кытай элиники болуп калабы?
Эл аралык мыйзамдарда каада-салттарга таянып чечим чыгарышы керек. Учурда бул маселени дипломатиялык жолдор аркылуу чечкенге аракет жасап жатабыз. Кытай улуу держава, бул маселеде кылдаттык талап кылынат. Эгер дипломатиялык жол менен чечилбей калса, биздин эл аралык сотторго кайрылганга укугубуз бар. ЮНЕСКО дагы өзүнүн аброюн сактаган чоң уюм. Алар дагы тарыхый чындыкка, акыйкаттыкка моюн сунат деген ишенимдемин. "Манас" эпосу, айкындык кайра кайтарылмайынча кыргыз эли күрөшкөнүн токтотпойт.
Улуттук баалуулуктарга, өткөн тарыхыбызга кайдыгер мамиле жасай берсек, эртең улуу мурастарыбыздан ажырап калбайбызбы?
Чоң айтыштарда, спектакелдерде, "Манас" айтышууда мен биздин мамлекеттик кызматкерлердин бирин да көрө албайм. "Куш уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат" дегендей жаштар улуулардан тарбия алууда. Азыр заман башка. Ким биринчи аракет кылса, руханий баалуулуктар ошол элдики болот. Ошондуктан, биз өз баалуулуктарыбызды сактоону улуу муундан башташыбыз зарыл.
- Коммунисттер партиясынын депутаты Бейшебек Акунов жакында НТС телеканалында, парламенттин ишин чагылдырган көрсөтүү учурунда "Курманжан датка, Ормон хандын буту Бишкекте баспаган, алардын эстелигинин бул жерде турушунун зарылчылыгы жок"- деп айтыптыр. Тарыхта орду бар тарыхый инсандардын эстелиги борбор калаабыздан орун албаса, анда кимдердин эстелиги турушу керек?
- Ошол сөздү угуп мен дагы таң калдым. Биздин журттун элитасына кирген парламенттин өкүлдөрүнөн ушундай сөз чыкпашы керек эле. Курманжан датка мен үчүн улуу даанышмандыктын, тазалыктын, бекем кайраттын, ошол эле убакта кыргыз аялзатынын Каныкей, Кыз Сайкал, Жаңыл мырза сыяктуу символу. Ал кишинин кылган ишине жеткиликтүү баа бере элекпиз. Ал бир гана Алай кыргыздары же болбосо бүткүл Фергананы айтпаганда, ошол кезде эки бөлүнүп, бир жагы Коконду карап, бир жагы орустан калканыч издеп турган кыргыздардын биригүүсүнө эбегейсиз салым кошкон стратег деп билем. Анан ошол кишинин эстелиги турбаганда кимдин эстелиги туруш керек?

Маектешкен Ж.КАДЫРКУЛОВА

Комментарии