"Асман.kg", 28.01.10 Медведьевдей Бакиев катыша алабы?

Комментарии · 118 Просмотры

Эрмек Нурбаев,
"Тамашоу" лигасынын жетекчиси

Эрмек мырза, "Тамашоу" орустардын КВНинин көчүрмөсү да, туурабы? Ушал суроо менен маегибизди баштап алсак?
Чынында эле "Тамашоу" лигасы орустардын КВНинин кыргызчасы. Мен өзүм КВНде 7 жылдан бери ойноп, тыгыз байланыштамын. Ал эми "Тамашоунун" демилгечилеринин бири, башкы редактор Арстан Ибрагимов. Ал дагы 15 жылдан бери КВН менен байланышта болуп келген адамдардан. Негизинен лиганын иштешине Арстан байке, мен, анан Тилек деген байке үчөөбүз көп салым коштук. Тилек байке азыркы учурда жумуштарына байланыштуу Алматада иштеп жүрөт.
Ал эми максатыбыз туурасында айтсам, учурда кыргыз тили унутулуп бара жаткан үчүн коомчулукту, өзгөчө жаштарды кыргыз тилинде сүйлөттүрүүнү негизги максат кылганбыз. Экинчиден жаш таланттарды ачуу. Жаш таланттар бизде абдан көп, тилекке каршы баарына көңүл бурулбайт. Балким Нарында, тоодо сонун үнү бар бала азыр жөн эле кой кайтарып жүргөндүр. Эч кандай жардамы жок болсо, көңүл бурулбаса ал бала ошол бойдон, таланты ачылбай калап калышы мүмкүн да. Ошондуктан биз аларды эл ичинен таап чыгууга аракеттенебиз.
Максатыңар кыргыз тилин көтөрүү болсо, эмнеге кыргыз музыкаларын эмес, чет элдин музыкаларын көп колдоносуңар?
Музыка бул тил эмес, жөн гана байланыштыруучу себеп. Биз Европа менен Американын музыкасын пайдаланабыз. Алар өнүккөн өлкөлөр, музыкасы дагы өнүккөн. Биз дагы алардын деңгээлине жетишибиз керек. Азыркы жаңы чыккан ырлардын оранжировкасы деле Европа, Американын ырларындай эмеспи.
Тамашаларды өз ара талдап анан коомго чыгарасыңарбы же ошол жерден дароо эле ойлоп таба калган учурлар да болобу?
"Тамашоуга" чыга турган чыгармалардын бардыгы Арстанбек Ибрагимов экөөбүздүн карамагыбыздан өтөт. Тамашаларды үч этапка даярдашат эмеспи. Бардыгын оңдоп, кошуп,тандап алабыз.

- Шоу-бизнестеги адамдарды той-топурларга көп чыкырышат эмеспи. Сиздер да андай чакыруулардан куру болбосоңуздар керек?
Албетте. Андай чакырыктарга барабыз. Бизде балдар бир эле "Тамашоу" менен эле чектелбейт.
Биздин маалыматтарга караганда шоу-бизнестеги адамдар 100 доллардан өйдө алышат экен, силер канча аласыздар?
(Күлүп) Эми ар кандай. Эгер тойду башынан аягына чейин алып барса, ошого жараша төлөнөт. Эгер КВНдеги тамашаларды эле коюп берүү керек болсо, ага өзүнчө төлөнөт.
Орустардын КВНшиктери КВНден көп каражат табышат да, силер "Тамашоудан" бардык чыгымдарды актай тургандай каражат таба аласыңарбы?
Биздин табылгабызды КВНден түшкөн каражатка салыштырып болбойт. Ошондой эле чыгымдарыбызды актайт деп да айта албайм. Көп учурларда өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн чыгарып, каражат кошуп калган учурлар да болот.
Эрмек мырза, "Тамашоу" лигасында ойногон балдар саясий юморго анча батына алышпайт дешет, буга сиздин көз карашыңыз кандай?
Биз саясий юморду үстүртөн гана алып кетебиз. Мисалы, мен өзүм Курманбек Салиевичтин ролун ойногом, экс-президент Аскар Акаевдин ролун да ойногон учурлар болгон. Бирок биз саясий юморду жакшы жагын көргөзүп ойнойбуз. Анткени ар бир эле өлкөдө өзүнүн саясатынын жакшы жагын көбүрөөк көргөзүшөт эмеспи. Биз өзүбүздүн жаман жагыбызды көп айта берсек аны эч ким оңдоп бербейт.
Ушул жерден дагы бир суроо бергим келип турат. Мисалы, орустардын КВНине РФнын президенти көрүүчү катары катышып турат эмеспи. Силер ойноп жаткан лигага деле Кыргызстандын президентин чакырса болот да же..?
Биз азыр Курманбек Салиевичди өзүбүздүн оюнубузду көрүүгө чакыруучу деңгээлге жете элекпиз. Кудай буюрса бир жылдан кийин чакыруубуз мүмкүн. (Тамашалап) Д.Медведьев "Мени деле чакырып койгула" деп жатат, биринчи Курманбек Салиевичти чыкыралы, анан сизди деп айттык (күлүп).
Азыр биздин калыстар тобунда Мелис Эшимканов, шоу-бизнестен Гулнур Сатылганова эжебиз, Урмат Усенов, Тата Улан ж.б. бар. Бардыгы тең тамашаны көтөргөн жана тамашалай билген адамдар. Мындан ары тамашаны түшүнө билген депутаттарды да чакырууну ойлонуштуруп жатабыз. Дагы бир айта кетчү нерсе 4-5- февралда "Тамашоунун" жогорку лигасы болгону жатат. Бул өзгөчө боло турганын айта кетпесек болбойт. Анткени ал жерде калыстар тобунан турган курам да ойнойт. Ырчылардын курамы, спортчулардын курамы болуп, бардыгы өздөрүнүн тамашаларын көрсөтүшөт.
Сиздердин тамашалар жаштардын патриоттук сезимине кандайдыр бир таасирин тийгизе алабы?
Тийгизе алат деген ойдомун. Биздин тамашалар кыргыз тилинде болгондуктан кыргыз жаштарына көбүрөөк түшүнүктүү болсо керек.
Сиздердин программаңыздарда гейлерди туураган учурлар да бар экен. Муну менен алар кемсинип же шылдыңдоо катары кабыл алып, ортодо келишпестиктер болуп калбайбы?
Ар бир адам тамашаны көтөрө билиши керек. Гейлерди тууроо аларды шылдыңдоо эмес, бул жашоодогу көрүнүштөр. Азыр андай адамдар бар экенин баары билет. Албетте, мындай көрүнүштөр кыргыздардын минталитетине жатпайт. Гейлерди туурап жатканда ошолордой болгула деп тамашалабайбыз, тескерисинче андай нерсе жаман экенин баса белгилейбиз.
Көп долбоорлор бир аз иштегенден кийин эле кайра жабылып, эл оозуна алынбай калып жатат. Ошондой көп долбоорлордун бири катары "Тамашоунун" жабылып калышынан корпойсуңарбы?
Корксок ачпайт болчубуз да, андыктан биздин неберлерибиз да ойнойт деген ойдобуз. Азыр тарыхта калсак, "Тамашоуну" дүйнөлүк деңгээлге жеткирсек деген тынымсыз аракеттердин үстүндө иштеп жаткан учурубуз.
Тамаша сиз үчүн..?
Тамаша мен үчүн күлкү, жашоо, менимче тамашасыз жашоо болбосо керек.

Замирбек кызы Эльзат

Комментарии