"Абийир сотунда атууга кетип калбасак болду"

Комментарии · 41 Просмотры

Асылбек ӨЗҮБЕКОВ:



Бул рубриканын вазыйпасы сиз сүйгөн, сиз жактырган белгилүү адамдарды "Жандүйнө" күзгүсүнө алып келип, андагы алпурушкан ойлордон бери сиз менен бөлүштүрүү. Ал эми бүгүн күзгү алдында - жаздын алгачкы күнү эр ортону элүү жашка чыгам деп турган актер, обончу, аткаруучу, айтор, көп кырдуу таланттын ээси - Асылбек ӨЗҮБЕКОВ.


Ата-эне болуп, өз аркаңдан балдарың бой тиреп калганда чындап эле ата-эне туурасында ой жүгүртөсүң. Бала деген бала да, кээде калпыстыктарды кетирип, кейитип койгондо, өз ата-энеңди эстеп, кыргыздын баягы: "Балам, балалуу болгондо билесиң" дегенине ынанасың. Ата-эненин кадыр-баркын ошондо эстеп, мен деле жаштык менен жүрөктөрүн далай оорутсам керек деп ойлонуп калам. Убагында элес албай, эч нерсенин баркын сезбейсиң да.
***

Айылга караганда бизге 30-35 жашка чейин шаардагы турмуш бөтөнчө көрүнүп, иш менен алпурушуп жүрө бергенбиз. Кийинки маалда шаардын ызы-чуусунан, турмуш ыргагынын агымынан чарчап, таптакыр тынч жайга, айылга кетип калгым келет. Анткени, айылдын, айылдык адамдардын өзүндө өзгөчөлүк бар эмеспи... Балалыктын даамы келет айылдан.
***

Аруулукту, жандүйнө тазалыгын ушул куракка чейин сактап калса болот. Эмне үчүн тазалык кайсы бир куракта бузулуп кетиши керек. Балким, айрым адамдар аруулугунан айрылып калар. Өлөр-өлгөнчө, жаның үзүлүп кеткенче, жандүйнөңдү таза кармасаң болот, ал адамдын өзүнөн.
***

Арзуу арнаган кыздар көп. Бир чети туруп, жашым деле өйдөлөп баратат, эмнеме кызыгышат деп таңданам. Мүмкүн ырларым алардын турмушуна окшоп кеткенде ушундай сезимдер жандана береби дейм кээде. Балдарым турмуш куруп, небере күтүп турганда, башымды жоготуп сүйүп калдым деп кантип айтам. Ичимден ошол сезим кайрыктары кытыгылып турса да, көзүң менен гана сүйүп, суктанып жүрө берермин. Балким, ошол нерсе ырга айланып кетер.
***

Аялзатынын ыйына себепкер болгон учурларым көп эле болсо керек. Биринчи кезекте 34 жылдан бери бирге түтүн булатып келаткан жубайым Сүйүндүн канча көз жашына себепчи болдум, мен аны жашырбайм. Анткени, жаштык, мастык болот экен. Азыр кээде олтуруп кейип калам. "Агымдын" күзгүсүнө келип, үйбүлөлүк турмуштан сырткары да татынакай эки-үч кыздын көз тамчыларына себепкер болгонум көз алдыма тартыла түштү. Бирок, алар турмушта кеч жолугуп калгандыгынан улам гана тамчылаган жаштар эле...
***

Акча мен үчүн эң акыркы планда деп бүгүн айталбай калбадыкпы. Анткени, көп нерсенин баары каражатка келип чырмалышып калып атпайбы. Кээде күн-түн иштеп, уйку менен тамакты унутуп, жанталаша иштеп жүрүп, "мен ушул акча үчүн ушинтип жүрөмбү" деп кейип кетесиң. Сүйүнүч да, капачылык да кээде ушул каражаттын тегерегине байланат. Жакыныңа жардам бергиң келсе да, ал ниетиң акчага такалат. Ушул акчанын айынан мекенин таштап жүргөндөр канча. Кээде акчага адамзатты сүйрөтүп койгонуна турмушка нааразы болуп кетем.
***

Абийир соту болуп турганы оң. Анткени, кээде кыжалат болгон кезде, кадамыңды Фемиданын таразасына салгандай, жандүйнө сотуна саласың. Оң жакка оосо, кадимкидей жеңилдей түшөсүң. Эгер сол жакка оой түшсө, көп жылга соттолуп кеткендей эле сезим көңүлдү иренжитет. Абийир сотунда атууга кетип калбасак болду (күлүп).
***

Атерлук менен турмушта амалданган учурлар неге болбосун, болот. Образга кирип, ойноп атсам, маңдайыңдагыны карап: "И-и, байкуш ишенип алды" деп аяп калам. Бирок, эч качан турмушта жаман ниет менен актерлукту аралаштырбайм.
***

Аңсезимди жалаң кыялдар, пландар ээлейт. Кыялкечмин. Алыс жолдо баратсам, машиненин бир калыптагы добушу менен кыялым алып учуп кете берет. Көбүнчө башка дүйнөгө кирип кетем. Кыялдарымды айтып олтурсам, гезиттен атайын чыгарылыш менен он сан чыгарууга туура келип калышы мүмкүн. Ал эми, четин чыгарсам, учурда теледен, Мелистен сунуш түшкөн. Азыр ошол нерсе көбүрөөк ойлонтуп, акылды ээлеп турат. Жемишине телекөрөрмандар өздөрү күбө болор. Андан сырткары, 50гө чыкканы турам, мындан ары ырдай аламбы же жокпу, ушул курактагы отчеттук концерт менен эл алдында ырдап койсомбу деген да пландар бар.
***

Ааламдагы окуяларга көз салып, кулак төшөп турам. Мейли кайсы тармак болбосун, саясатпы, медицинабы, кино же шоу-бизнеспи, баарынан кабардар болууга ынтызармын. Бош боло калганда, тынч олтуруп алып гезит окуганды жакшы көрөм. Мээм чарчай түшсө, пианиного олтура калып, кайра гезит же теледеги жаңылыктарга кулак төшөйм. Кайсы багыт болбосун, бүгүнкү күндөгү маалымат, дегеле заман агымынан артта калбаганга аракет кылам.

Күзгү алдына алып келген Айнагүл САПАРБЕК кызы

Комментарии